Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Украинада Киевди фашисттерден бошотуунун 60 жылдыгы белгиленүүдө


Ал эми Украина эли бүгүн Киевдин фашисттик оккупациядан бошотулушунун 60 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилеп жатат.
Салтанат Украина, Орусия, Беларусь жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын катышуусунда өтүүдө.
Бүгүн орус президенти Владимир Путиндин Украинага болгон үч-күндүк сапары аяктайт. Кечээ ал өзүнүн украиналык кесиптеши Леонид Кучма менен эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык алакалар тууралуу баарлашкан.
Украиналык оппозициянын өкүлдөрү Путиндин Украинага болгон сапары ушул жекшембиде өтүүчү президенттик шайлоодо украин өкмөтү көрсөткөн талапкерди колдоо деп билишээрин айтышкан.


Кечки дүйнөлүк жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG