Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Ооганстанда үч чет элдик атуул уурдалды


Бүгүн Ооганстандын баш калаасында белгисиз куралчандар шайлоо комиссиясында иштеген үч чет-элдик атуулду уурдап кетишти. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин ырасмий өкүлү Лутфулла Машал уурдалгандар чынында эле шайлоо комиссиясында иштешкенин бышыктады.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Мануэль де Алмейда е Силва окуя кандай өнүккөндүгү тууралуу буларды айтты.

- Чак түш болуп калган. Кабулда шайлоо комиссиясы үчүн иштешкен үч чет-элдик кызматкерди уурдап кетишти. Азыр ооган полициясы жана коопсуздук боюнча иштеген баардык органдар бул окуяны аныктоого активдүү катышууда.

Азырынча тактала элек маалыматтарга караганда, өзүн “Мусулмандар армиясы” деп атаган топ бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Азырынча уурдалгандар кайсыл мамлекеттерден экендиги тактала элек. Алардын арасында аял кишилер да болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG