Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Барымтадагы Маргарет Хассан Британ өкмөтүнөн барымтачылардын талабын аткарууну суранды. Британ өкмөтү буга каршы


“Ал-Жазира” бүгүн ушул өңдүү дагы бир тасманы көрсөттү. Анда эл аралык “Кеа” гуманитардык уюмдун барымтага алынган Ирактагы төрайымы Маргарет Хассан Британия жетекчилигине кайрылып, Ирактан британиялык аскерлерди алып чыгып кетүүсүн суранган. Британиянын ырасмий өкүлдөрү барымтачылардын талабы орундалбай тургандыгын билдиришти.
Анын оордуна, Британ жетекчилиги Ирактын түштүгүндөгү аскерлеринин ичинде 850 адамды эми Багдатка жакын жерлерге жөнөтөөрүн билдирди. Алар бара турган жерлердеги америкалык аскерлер өлкөнүн башка райондоруна жиберилишет. Бирок Британиянын Ирактагы 8 миңдей аскери өлкөнүн түштүк бөлүгүндө кала беришмекчи.

XS
SM
MD
LG