Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

30-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 30-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сары өзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –1...-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн –4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градуска жылыйт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылыйт, күндүз +9...+14 градус жылуу болот.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн –1...-6 градус суук, күндүз +8...+13 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКте жамгырдын жаашы күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн –1...-3 градус суук, күндүз +14...+16 градус жылуу.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Шайырбек Эркин уулу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG