Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Баткендик айдоочулар МАИнин мамилесине нааразы


БАТКЕН. Мындай маалыматты 29-октябрда жергиликтүү «Салам» радиосу таратты. Ал маалыматка караганда саат 15тер чамасында облус борборунун чок ортосундагы Нургазиев көчөсүндө кетип бараткан «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаанын алдынан ак түстөгү «МАЗДА» автоунаасында бараткан МАИ кызматкерлери чукул тосуп, токтоого мажбур кылышкан. Өзүн тааныштырбаган МАИ кызматкери айдоочунун күбөлүгүн талап кылып, аны алган соң, ордуна МАИ башкармасынын мөөрү басылган кичинекей кагаз тапшырган. Анда кечки саат 18де МАИ бөлүмүнү келүүсүн талап кылган сүйлөм жазылган. Ушундай эле жагдайда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун кызматтык автоунаасынын айдоочусунун документтери да алынган. Бир сааттын аралыгында «Салам» радиосуна 4 айдоочу телефон чалып, МАИ кызматкерлери эч кандай түшүндүрмөсүз жана протокол түзбой туруп, айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алышкандыгын айтышкан. Айдоочулардын пикиринде МАИ кызматкерлери бул күнү Баткенде белгиленип жаткан кыргыз милициясынын сексен жылдык мааракесин майрамдоого каражат табуу максатында ушундай кадамга барышууда. Ал эми МАИ кызматкерлери бул окуяны, атайын рейд жүргүзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG