Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Бир катар саясий партиялардын Ысыккөл облусундагы бөлүмдөрү бийликке кайрылуу жолдошту


КАРАКОЛ. Кайрылуу ээлери - «Асаба кайра жаралуу», «КДК», «Кыргызстан коммунисттик», «Социал демократиялык» саясий партияларынын облустагы бөлүмдөрүнүн лидерлеринин билдиргенине караганда, Кыргызтелеком ишканаларын менчиктештирүү боюнча талашып-тартышуулар элдин нааразычылыгын гана жаратууда. Деги менчиктештирүү карапайым калкка эмне берди, эл жикке бөлүндү, байлардын жана кедейлердин пикир келишпеген көз караштары пайда болду. Эми Кыргызтелеком ишканаларын менчиктештирүү жөнүндө сөз болуп жатат. Мамлекеттин казнасын толтуруучу ишканалар четинен менчиктештирилсе, анда келечегибизди кандай элестетебиз, элдин кызыкчылыгынан мурда, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлогон мындай менчиктештирүүнүн жаңы кадамдарынын арты чуулгандуу окуяга айланат. Ошондуктан биз Кыргызтелекомдун менчиктештирилишине каршыбыз дешет кайрылуу ээлери.

XS
SM
MD
LG