Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Жалалабадда облустагы убактылуу кармоо жайларынын абалын жакшыртууга арналган жыйында бийликке кайрылуу жолдонду


ЖАЛАЛАБАД. Анткени адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча убактылуу кармалгандардын укугу сакталбайт. Жалалабаддагы 76 орундуу кармоо жай санитардык талапка ылайыксыз. Өкмөт токтомунда каралгандан тамак-ашка үч эсе акча каражат бөлүнгөн. Суралгандардын 66 пайызы ал жерде кыйноого туш болгонун айтышкан. Кармалгандар милдет укугу менен түшүндүрүлбөй, тергөөчүлөр көрсөткөн адвокаттарды жалдоого аргасыз. Кармоо жайына быйыл 98 жолу тез жардамдын чакырылышы ага түшкөндөрдүн уруп-согулганына, ооруганына далил. Ошондуктан Жалалабад түрмөсүндө бош заводдун короосун 200 орундуу тергөө жайына айлантып, кармоо жайларына көз салуучу коомдук комиссия түзүү абзел, делет бул кайрылууда.

XS
SM
MD
LG