Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Оппозициячыл кыймыл жыйын курду


БИШКЕК. Бүгүн элдик-патриоттук кыймылдын саясий кеңешинин жыйыны болду. Анда кыймыл мындан 15 күн илгери Борбордук шайлоо комиссиясынын толук тутумун жана анын төрагасы Сулайман Иманбаевди ээлеген кызматынан кетирүү талабы менен президентке жолдогон кайрылуусунан кийин жасала турган иш-чаралар талкууланды. Кыймылдын төрагасы Турсунбек Акундун билдирүүсү боюнча, президент Аскар Акаев кыймылдын талабына көңүл бурган жок, ушундан улам шайлоолордогу мыйзам бузуулардын болушуна мамлекет башчы башында турган бийлик өзү жол берип жатат деген чечим кабыл алды. Андан тышкары президенттин кызматтан кетишин талап кылган демилгелүү топ түзүү, аны Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жана президенттин кызматтан кетишин колдогон атуулдардын колун чогултуу чечимин кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG