Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйыны болду. Анда комиссиянын буга чейинки отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, 2000-2009-жылдарда экономикалык кызматташуу программасынын аткарылышы жана электрэнергия, газ, экология тармагындагы алака жана миграция маселеси талкууланды.
Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев жыйын башында мурда кабыл алынган чечимдердин көбү, тактап айтканда, Орусиядагы заводдордон айыл чарба техникаларын жана авиалайнерлерди лизинг аркылуу алып келүү аткарылбай калгандыгын белгилеп, аны тактап алууну сунуштады. Комиссиянын Орусия тараптан төрагасы Александр Румянцев бул маселелерди жогорку деңгээлде аткарса боло тургандыгын билдирди.
Бейшембиде президент Аскар Акаев Орусиянын Өзөктүк курал боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Александр Румянцевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык тууралуу маек курган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG