Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

АКШда президенттикке талапкерлердин кайым айтыштары уланууда


Ирак алардын талаш-тартышында дале башкы тема болууда. Огайо штатындагы митингдердин биринде сенатор Жон Керри Вашингтондун Ирактагы саясатын сынга алып, Жорж Буштун чаташтуу түшүндүрмөлөрү, өз администрациясынан башканын баарын айыптагысы келген аракеттери түбү барып жоопкерчиликти ал өзгөлөргө жүктөгүсү келгенин далилдеп турат деп белгиледи. Керринин сөзүнө ылайык, америкалыктарга бардык жоопкерчиликти өзүнө алган жана башкы колбашчы болуу деген эмне экенин так билген президент керек. Ошол эле штатта азыркы президент Жорж Буш өз кезегинде атаандашын сынга алды. Жон Керринин саясий принциптерди пайдакечтикке айлантуу аракети сенатордун азыркыдай шартта президенттик кызматка жарабай тургандыгын көрсөтөт, деп билдирди Буш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG