Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Римде бүгүн Евросоюздун Конституциясына кол коюлду


Салтанат биримдиктин ураан ыры менен ачылды. Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони салтанат алдында сөз сүйлөп, тарыхта миллиондогон адамдардын тагдырын бириктирүүдө эркиндик жана демократия мынчалык маанилүү рол ойной элек болчу деп билдирди. Евроконституциянын тексти быйыл жайдагы жыйында макулдашылган. Анда каралган жоболорго ылайык, Евросоюздун президенти, тышкы иштер министри болот; уюмдашкан кылмышка, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштө биримдиктин ролу күчөтүлөт. Конституция бардык өлкөлөрдө ратификациядан өтүшү керек. Буга байланыштуу Ирландиянын премьер-министри Бери Ахерн шаркеттин мүчөлөрүн конституцияны өз убагында жана талаптагыдай ратификациядан өткөрүүгө чакырды.Бул процесс оңой болбойт, деп айтты ал, бирок чечкиндүү жана жигердүү аракет жасалса, баары ийгиликтүү бүтөт. Еврокомиссиянын кызматтан кетип жаткан башчысы Романо Продинин айтымында, конституция телегейи тегиз документ болуп чыккан жок, бирок ал алдыга шилтенген чоң кадам болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG