Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

ЭЛ АРАЛЫК МУНАПЫС АКШ АДМИНИСТРАЦИЯСЫН СЫНГА АЛДЫ


Адам укуктарын коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму өзүнүн жаңы отчетунда АКШ бийликтерин антитеррордук согуштун учурунда туткундалгандарга мамиле жасоодо Кыйноого каршы эл аралык конвенциянын талаптарын бузуп жатканы үчүн сынга алды. Уюмдун пикиринде, президент Жорж Буштун администрациясы адам укуктарын коргоону көздөгөн мыйзамдарды аткаргандын ордуна аларды айланып өтүүнүн жолун табууга көбүрөөк кызыкдар болуп жатат.

Эл аралык Мунапыс уюмунун АКШ бийлигин кескин сынга алган отчету бул жердеги президенттик шайлоонун жуп алдында жарыяланып олтурат. Андыктан мындай кадамдын саясий жүйөөсү жокпу? Уюмдун маалымат катчысы Брендан Пэдди "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде отчеттун шайлоо алдында жарыяланышын төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Абу Грейб түрмөсүндөгү чатак ачыкка чыккандан бери дээрлик алты ай өттү жана бул жердегидей кыйноолор кайра кайталанбаш үчүн администрация зарыл кадамдардын баарын жасабаганына өтө тынчызданып жатканыбызды көргөзгүбүз келет. Биз чындап эле АКШдагы президенттик шайлоого таасир көргөзүүнү каалайбыз, бирок адамдардын сунуштары аркылуу эмес. Биз АКШдагы шайлоого президенттикке эки талапкерден тең кыйноо улантылбашын кепилдөө үчүн бекем милдеттеме алуусун суроо аркылуу таасир көргөзгүбүз келет.

Эл аралык Мунапыстын отчетунда айтылгандай, 1985-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кол койгон өкмөттөр бул багытта "келишпес" саясат жүргүзүүнү убада кылышкан.

Эл аралык Мунапыстын эсебинде, АКШ өкмөтү террорго каршы согуштун учурунда туткундалгандар менен иштөөдө, эң жакшы дегенде, аларга катаал мамиле жасалып, кыйноого алынгыдай шарт түзүп койгон. Эң жаман деген учурда болсо, өлкөнүн эл аралык милдеттемелерине каршы келген тергөө ыкмаларын колдонууга АКШ бийликтери өздөрү уруксат берген.

Багдаддагы Абу Грейб түрмөсүндөгүлөрдү кордоо менен байланышкан чатак чыккан алты айдан бери АКШ армиясы ага тартылган айрым жоокерлерди жазалоо чараларын көрдү, атүгүл алардын бир нечеси соттолду. Анткен менен мындан олуттуу нерсе, түрмөдөгүлөрдүн кыйноого алынышына алып барган кырдаалдын жаралышына жогорку командирлердин же саясий кызматтагылардын кимиси жоопкер же жоопкер эместиги толук аныкталган жок.

Ушундан улам Эл аралык Мунапыстын пикиринде, жогорудагыдай жагдай келечекте кыйноолорду алдын алуу багытында аз эле иш жасалды деп ойлоого негиз берүүдө. Уюм өз атынан АКШ өкмөтүнө бир нече сунуштарды берген. Алардын эң башкылары тууралуу Эл аралык Мунапыстын өкүлү Брендан Пэдди мындай дейт:

- Бул жерде маанилүү эки сунуш бар. Биринчиси, азыр администрация, биз каалагандай, кыйноо менен келишпей турганын так көргөзө элек. Алар кыйноого каршы экенин айтууда, бирок экинчи жагынан алар өздөрү мүнөздөгөндөй, маселен "кысым көргөзүү жана аргасыз кылуу" деген нерселерге жол берүүдө. Муну биз кыйноо же жок дегенде жанды оорутуу деп атаар элек. Бул - бир маселе, алар кыйноого каршы экенин жана аны менен келише албасын айта алышат. Менимче экинчи маанилүү маселе, алар азыр орун алып жаткан көрүнүштөргө көңүл бурушу абзел. Биздин Ирактагы жашыруун камоолор тууралуу маалыматтардан кабарыбыз бар. Биз АКШ Иракта кармалгандардын бир тобун башка жашыруун жерге алып кетип жатканын каңкуулаган окуяларды угуудабыз.

Эл аралык Мунапыс уюму АКШ администрациясын камактагыларды жашыруун кармоо тажрыйбасын токтотууга, алардын баары үчүн зарыл болсо, адвокаттары, туугандары, дарыгерлер менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө чакырат.

Акыркы айларда бир катар америкалык гезиттер, анын ичинде "The Wall Street Journal" басылмасы да АКШ камактагы туткундарды кыйноого тыюу салынбаган же бул багыттагы чектөө анча күчтүү эмес үчүнчү өлкөгө жөнөтүп жатканын документтештирген маалыматтарды жарыялаган. Бул түздөн-түз БУУнун Кыйноого каршы конвенциясынын үчүнчү беренесин бузгандык. АКШ аталган конвенцияны ратификациялаганы менен ошол беренени өз стандартына ылайык чечмелөө укугун сактап калган. Эл аралык Мунапыс эми ушул нерсе токтотулушу керек деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG