Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

ИСЛАМ ЖАНА АНЫН КООМДОГУ ОРДУ


Дин адамдардын ой-максатына жана жүрүм-турумунө таасир этүүчү, чоң иштерге дем берчү касиетке ээ. Динди башка диндегилерге каршы же кара сантай иштерди актоо үчүн пайдалануу да жат көрүнүш эмес. Адамдардын зобун-зордукту жасоосу жана ислам ортосундагы байланыш заманыбыздын өтө талуу суроосуна айланды. Талдоочулар террорчулукка каршы согуш түпкүлүгүндө ислам экстремизмине же исламды туу көтөрүп, адамдардын бейкут турмушуна бүлүк салып, миңдеген адамдарды кара кийгизген күчтөргө каршы багытталганын айтышат. Ислам дини чындап эле кара күчкө ээби? Же аны бир ууч адамдар натуура пайдалануудабы?

Кээ бир ислам экстремисттери зобун-зордукту коомдогу аларга жакпаган көрүнүштөргө каршы күрөштүн куралы катары көрүшөт. Алардын секулярдык түзүлүштү жана Батыштын жашоо жолоюн өздөрү жашап турган өлкөдөгү руханий дөөлөттүн коркунучу, душманы деп санашканы да чындык.

Ушуга үндөш ойду Дүйшөмбүлүк талаба-студент Шариф Латыф “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде айтат:

– Ислам эң мыкты дин. Бул чындыктын дини. Сиз мусулман болсоңуз, сизге башка диндердин эмне кереги бар? Бейислам диндердин баары Батыштан келген. Батыш өлкөлөрүндө никесиз жашагандар көбөйүп жатканын көрүп жатпайбызбы. Бул бизге да түздөн түз таасир этүүдө. Тажикстанда СПИД илдетине чалдыккандардын көбөйүүсүнө никесиз жыныстык катнашка баруу себеп болууда. Биз анын алдын алышыбыз шарт.

Мухаммед Фате Пакистандын согушчул “Танзеем-и–Ислами” партиясынын региондор боюнча координатору. Ал бардык турмуштук маселелер шариятка таянып чечилиш керек экенинен күмөн санабайт:

-Биз исламды ар бир инсандан тээ өкмөт башчыларына чейин, эми жарыкка келгенден тартып никелешип баш кошкондон каза тапканга чейинки өмүр канонунун негизи деп билебиз. Турмуштук маселелер исламдын негизинде чечилет. Бу дүйнөдө Алла баарынан улук жана анын ээси. Ислам адамзатка жашоонун жол-жобосу иретинде жөнөтүлгөн соңку кабар.

Нью-Йорк менен Вашингтонго каршы 2001-жылдын 11-сентябрында жасалган алаамат чабуулдун уюштуруучусу “Ал-Каида” уюмунун башчысы Осама бин Ладен “Жихад үчүн дүйнөлүк ислам майданынын жөөттөргө жана христиан-тарсаларга каршы” деп аталган чакыруусунда мусулмандарды “америкалыктарды жана алардын союздаштарын, жарандарды жана согушчандарды” өлтүрүүгө үндөйт. “Америкалыктарды өлтүрүү ар бир мусулмандын борчу” экени Ладендин береги кайрылуусунда ачык жазылган.

Сунни жана шиит согушчандары бир диндин эки шагын өз ара “кайраштырып”, жик салган учурлар да арбын. Пакистанда андан миңдеген адамдардын өмүрү забын болууда. Бул, Лондондук эксперт Риме Аллаф айымдын айтымында, суннилер жана шиитер ортосунда орто кылымдардан бери келаткан келишпестиктин уландысы. Теги сириялык Риме айым экстремисттер өз катарын толуктоо үчүн диндик бөлүп-жарууларды кеңири колдонушканына көңүл бурат:

- Араб дүйнөсүндө элдин көбү коңшулары кантип ибадат кылат же кандай динге ишенет деп кооптонбой эле эриш-аркак жашайт. Экстремисттер, фундаменталисттер, согушчандар биздин денибиз чыныгы дин, биздин кудайга берилгенбиз дешип, элди демейде дини боюнча бөлүшөт. Айласы түгөп, үмүтүн жоготкон же катаал абалынан чыгарына көзү жетпеген көпчүлүк адамдар өздөрүнүн элден четте калуусунун же куугунтукка кабылуусунун себеби дин болууда деген кепти ээрчишет.

Экинчи бирөөлөргө өз дүйнө таанымын таңуулоо канчалык коркунучтуу экенине Казакстандын түндүгүндөгү Майский кыштагындагы чатак айкын далил.

Бул айылдагы калаба тууралуу Казакстандын ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Давлет Закрияновдун кеби :

- “Ак Ордонун” кээ бир мүчөлөрү:”Сиздер азиз булактын ыйык суусуна барып, андан ичпегениңер үчүн аракечтиктен, чылым чеккенден кол үзө албай кесел болуп жүрөсүңөр”, - дешип, айылдын элин эки жаатка бөлүштү. Бир үй-бүлөдө да эки тарап болуп, араздашкандар бар. Бул чоң мүшкүл болду. Болбосо бу кыштакта жалаң казактар жашашат.

Каирдеги Америка университетинин профессору Хусейн Аминдин изилдөөсү экстремисттик топтор демейде жарды үй-бүлөдө чоңойгон балдарды жалган убадалар менен өз катарына тартканын көрсөткөн. Х. Амин:

- Согушчул топтор өз мүчөлөрүн алар байлыкка жетээрине, бардык өлкөлөрдө байлык эл арасында тегиз бөлүнүп, алар өз үлүшүн алаарына ишендирүү үчүн Курандын аяттарында айтылган же мурда кездешкен ар кандай окуяларды далил катары пайдаланышат. Алар Батышта, өзгөчө Кошмо Штаттарда болуп көрүшсө, Американын байлыгын дүйнө калкына тегиз бөлүп берүү керек деп ойлошот.

Борбор Азияда белгилүү улама, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф болсо “Хазби-ут Тахрир” сыяктуу региондо тыйуу салынган партиянын мисалында, динзарлардын өз ибадаттарын эркин аткаруусуна тоскоолдук кылуу, аларды мыйзамсыз топтордун катарына кошулууга мажбур кылаарына назар салат:

– Исламды үйрөнүүнү каалаган адамдарда аны жеңил, туура жана эркин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул - “Хизб-ут Тахрир” жана башка радикал топтор өздөрүнүн радикалдуу жана коркунучтуу идеяларын карапайым адамдарга чыныгы Ислам деп мыйзамсыз жана жашыруун жолдор менен жайылтуусунун бир себеби. Аны токтотуу үчүн ислам агартуучулугу чектелбеш керек.
XS
SM
MD
LG