Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

ОРУСИЯНЫ ТООРУГАН 80 ЖАНКЕЧТИ, КЫРГЫЗСТАНДАН ЧОЧУЛАГАН ВАШИНГТОН, КАТТООДОН ӨТПӨГӨНГӨ 15МИҢ РУБЛЬ АЙЫП ПУЛ


Жума күнү «Независимая газета» чакан макала басып, анда АКШнын мамлекеттик департаменти өз атуулдарына Кыргызстанга баруу азыркы тушта коркунучтуу деген шашылыш эскертүү жазады деп жазат.

- Вашингтон өзүнүн атуулдарына биринчи жолу 2001 жылы Өзбекстан менен Кыргызстанга баруудан баш тарткыла деп эскертүү жасаган.Бирок ал жолу Ооганстанда талибилер күчүнө каршы операция жасоо үчүн даярдык көрүлүп аткан кез эле. Демек,Кыргызстандагы азыркы кез да ошол кездегидей кыйындап калган, - деп жазган Виктория Панфилова

Макаланын жердигинде кийинки учурда Кыргызстанда террордук актыларды жасоо коркунучу пайда болгону кеп болот.

Баса, террорчулук менен күрөшүүнү Орусия катуу колго алып атат. «Российская газета» жума күнү жарык көргөн санында Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси Мамдумада депутаттар алдында сүйлөп:

- Орусияда террордук актыларды жүргүзүү үчүн 80ден ашуун жан кечтилер чет өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүшкөн. Кээ бирлеринин 7, а кээсинин андан да көп башбурттары бар деди. Ошол эле жерде өлкөнүн күч органдары быйыл, 2004 жылы эки жүздөн ашуун террордук актыларды алдын ала бетин ачышкан. Аларды: Маскөө, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Ставрополдо ошондой эле Волгоград обулусунда кармашкан деп жазат.

Мамдумада сүйлөгөн Орусиянын башкы прокурору:
- Террордук акты болгондо аны жасаган террорчунун эне-ата, ага-тууганын барымтага алуу сунушун киргизди. Ал жерде Владимир Устинов: «Ким бизге кылыч кесеп келсе ал өз кылычынан өлүшү керек» деген. Бул туурасында «Новые Ивестия» 29-октябрде жарык көргөн санында жазды.

Бейшембиде «Российская газета», федералдык мыйзамга киргизилген кайсы бир толуктоолор менен окуучуларды тааныштырат. Ал жерде жазылган мыйзам арибине ылайык, мындан ары чет элдик киши Орусияга келип, бирок каттоодон өтпөгөн болсо анда жергиликтүү бийлик андай чет элдик атуулдан 9миңден 15миңге чейин рубль айыппул төктүрүп алууга акылуу делинет.

- Мыйзамдын 18-беренесине тийиштүү 14-бүчүрүндө өлкөгө чет элдик атуулдарды алып келген кишиге салынуучу штраф мындан ары 600миң рублге жетет, - деп жазат Наталья Козлова

Айта кетчү жери – жаңы жылдан тартып МРОТ өлчөмү жарым эседей өсөт. Демек ал азыркы эсептен алда канча кымбаттайт.

РИА агенттиги 28 октябрде таркаткан кабарда, айтылуу жазуучу Гарсиа Маркес «Муңайым аягы суюктарымды эскерип» деген аталышта жаңы роман бүтүргөн. Роман китеп болуп басылып анын 400миң нускасы мурунку аптада дүкөндөргө түшкөн. Аны окуучулар бир күн ичинде канын жерге тийгизбей талап кеткен. Ошондо романдын жаңы нускаларын басуу башталган жана ошол кезден тартып романды басып чыгаруу уруксатын алуу үчүн Латын америкалыктар, АКШ, Испаниядан уруксат суроолор келип түшө баштаган. Ошондой эле аны башка тилдерге которуу үчүн да көп өлкөлөрдөн өтүнүчтөр түшкөн деп жазат.
XS
SM
MD
LG