Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Арпатектирликтер үйлүү болду


ЧҮЙ. Үстүбүздөгү жылдын кышында болгон жер титирөөнүн кесепетинен Чүй районундагы Кегети айыл өкмөтүнө караштуу Арпатектир айлындагы 20 үй-бүлө турак-жайсыз калышкан. Аларга мамлекет тарабынан үй куруу үчүн жер участоктору жана 150 миң сомдон узак мөөнөткө насыя акча берилген. 30-октябрь күнү Мамлекеттик курулуш жана турак-жай департаментинин жетекчиси Айчүрөк Тазабекова баш болгон өкмөт мүчөлөрү, облустук жана райондук жетекчиликтин өкүлдөрү катышкан салтанатта ар бир үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычы жана белек-бечкектер берилди. Ошондой эле Арпатектир айлында жер титирөөдөн жабыркаган башталгыч мектептин ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен 60 орундук орто мектеп да курулган. Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Каныбек Шайымкуловдун айтымында ушул эле айылда дагы 17 үй Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө турат.

XS
SM
MD
LG