Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Айылдык балдардын 11 пайызы иштейт


БИШКЕК. Улуу Британиянын “Балдарды сактагыла” корунун өкүлдөрү өткөн жылы жүргүзгөн иликтөө боюнча Кыргызстандын айылдарындагы 7 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызы иштейт. Фонддун өкүлдөрүнүн баамында, көпчүлүк балдар мектепке барышпай ден соолугуна зыян келтирүүчү оор жумуштарда иштешет. Көпчүлүк учурда жаш балдар жумушка жалдаган адамдардын зордук-зомбулугуна кабылат. Балдардын мектепке барбай калышына кийим-кечек, окуу куралдарына каражаттын жетишсиздиги жана айрым мектептердин эскилиги себеп болгон. Ал эми ата-энелер медициналык камсыздоо алкагында бекер медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу кабары жок экени маалым болгон. “Балдарды сактагыла” корунун өкүлдөрү 22 айылда болушуп, 1 миңден ашуун үй-бүлөдө сурамжылоо жүргүзүп ар бир жерден 50 дөн үй-бүлөөнү иликтешкен. Мындай маалыматты “Кабар” маалымат агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG