Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

АКШ элчилиги маалымат таратты


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын добуш берүүдө баш бармакка белги коюу тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу маалымат таратты. Анда бейөкмөт уюмдар ассоциация жетекчисинин өз көз карашын ачык билдиргени демократиянын көрүнүшү деп баалап, Кыргызстандын атуулу катары сөз эркиндигинен пайдаланып, оюн ачык айтканы үчүн ыраазылык билдирди. Ошону менен бирге добуш берүүдө сол колдун баш бармагына коюлган белги шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга бөгөт коерун белгиледи. Бейөкмөт жана коммерциялык уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева 28-октябрда баш бармакка белги коюуга каршы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп, анда белги коюу жөнүндөгү мыйзамга президент АКШнын жана анын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын басымы менен кол койгон деп билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG