Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Мамлекеттик башкарууну реформалоого БУУ көмөктөшөт


БИШКЕК. Эмки айдын ичинде кыргыз өкмөтү менен БУУнун Өнүгүү программасынын ортосунда «Демократиялык башкаруу» аттуу программалык документке кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратович билдирди. Анын айтымында, программалык жаңы документ Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну реформалоо жана борбордук башкаруудан алыстатуу боюнча 2010-жылга чейинки улуттук стратегияны ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. Программанын алкагында иш төрт багытта жүргүзүлөт. Алар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун укуктук базасын чыңдоо,борбордук башкаруудан алыстатуунун финансы-экономикалык негиздерин түзүүгө көмөктөшүү, муниципалдык кызматты түзүп, калыптандыруу жана бул багыттагы глобалдык деңгээлдеги тажрыйбаларды Кыргызстанга жайылтуу.

XS
SM
MD
LG