Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Жаңы министрлик түзүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча атайын министрлик түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Аскар Акаев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы 472 айылдык, поселкалык жана 26 шаардык кеңештердин ишин координациялоого жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министринин чамасы жетпегендиктен жаңы министрликти түзүү зарылдыгы пайда болду. Ал буга чейин аппараты жок иштеген. Эми жаңы министрлик муниципалдык бийликтин көйгөйлөрүн талдап, тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG