Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:28

ПРЕЗИДЕНТ ВОРОНИН “МЕРСЕДЕС” МИНГЕН МОЛДОВАНДАР КӨП, ЭЛ ЖАРДЫ ЭМЕС ДЕЙТ


Акыркы 10 жылда миңдеген молдовандар жакшы турмуш издеп, Ата журтунан сырт өлкөлөргө кетишти. Молдова, ырасмий маалыматтар боюнча, Европадагы эң жарды мамлекет. Орточо эмгек акы 100 АКШ долларыга жетпейт. Айрым эсептөөлөргө караганда, чет өлкөлөрдө жашаган молдовандар жылына мекенине азы 5 000 миллион, көбү 1 миллиард доллар жиберип турушат. Өлкөнүн 2004-жылкы бюджети 450 миллион долларга барабар. Бирок, президент Владимир Воронин өлкө жакырчылыкта деген кепке макул эмес.

45 жаштагы Гаврил Канду кесиби боюнча агроном. Бир нече жылдан бери жумушсуз. Ал 5 жашар кызы менен Молдованын байтакты Кишиневдин түштүгүндөгү чакан кыштакта жашайт. Аялы Италияда үй кызматчысы болуп иштеп жүрөт:

- Муктаждыктан улам аялым бизди калтырып кетти. Биз азыр аялым жиберген акчага жашоодобуз. Анын кеткенине үч жыл болду. Былтыр күздө келип кетти. Жакында бир нече күнгө келип, кайра кетет.

Аялы жөнөткөн акчага Гаврил там салууда жана улуу кызынынын окуусун төлөйт.

Эксперттер 4, 5 миллион элдүү Молдованын эмгекке жарамдуу жарандарынын бери дегенде 20 пайызы турмуштун айынан улам сырт жерлерде безерип жүргөнүн айтышат. Эл аралык Эмгек уюмунун Кишиневдогу координатору Жана Костахинин сөзүнчө:

– Эң азын алганда, 300 миңдей адам чет өлкөдө жүрөт. Алардын көбү мыйзамсыз, эч кандай келишими жок эле иштеп жүрүшөт. Жаштары 25 менен 45тин ортосунда. Бул эмгекке жарамдуу элдин маанилүү бөлүгү.

Ырасмий эмес маалыматтар боюнча, жан багуу үчүн бөтөн жакка кеткен молдовандардын саны 1 миллионго жетет.

Республиканын миграция башкармалыгынын директору Ольга Паулелунж айымдын сөзүнчө, молдовандар 1994-жылдан тартып тышка иш кууп кете баштаган:

- Адегенде, мигранттардын көбү Россияга барышты. Тээ совет заманынан бери молдовандар Ортолук Россияда, Москва облусунда иштешет.
1997-98-жылдардан кийин миграциянын багыты алмашты. Молдовандар тили, маданияты жана социалдык жактан өздөрүнө жакын Италияга, ошондой эле Португалия, Греция жана Испанияга кетишти. 2001-2002-жылдардан тартып молдовандар Германия, Ирландия жана Улуу Британияга барчу болушту.


Эл аралык Эмгек уюму менен Сорос фонду былтыр өткөргөн изилдөөгө караганда, ар бир экинчи мигрант визанын кереги жок деп, Россияга жол алат. Иш издеген адамдардын 18 пайызы Италияга кеткенди оң көрөт. Ар бир үчүнчү үйдөн бир адам тыш өлкөдө иштейт, мигранттардын 70 пайызы кыштак жеринен экенин ушул изилдөө аныктаган.

Эл аралык Эмгек уюмунун адиси Жана Костахи айым чет өлкөгө жогорку билимдүү адамдардын көбү кетип жатканына көңүл бурат:

– Билимдүү, өтө жарды балалуу адамдар чет өлкөгө иштегени кеткен жарандардын 30 пайызга жакынын түзөт. Алар сыртка кеткенге чейин бюджеттик мекемелерде иштешкен. Алардын ичинде профессорлор, мугалимдер, архитекторлор, инженерлер, доктурлар, билимдүү медсестралар бар.

Молдованын түндүгүндөгү Гличени Век кыштагынын тургуну, төрт баланын энеси Танянын сиңдиси да Италияда иштеп жүрөт:

- Көптөгөн адамдар, анын ичинде биздин үйлөнүн мүчөлөрү чет өлкөлөргө кетишти. Америкада да туугандарым бар. Сиңдим Италияда.Сиңдим кыздарынын бирөөсүн мага таштап кеткен. Ал да мен сыяктуу медсестра эле. Бирок, 60 доллар жашоого жетпеди. Менин күйөөм болгону 41 доллар табат. Кудайга тобо, сиңдим жана ата-энем бизге жардамдашат.

Бирок, Молдованын президенти Владимир Воронин “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна берген интервьюда көпчүлүк элдин турмушу оор деген пикирди четке кагат:

– Эл тегиз эле жакыр десек чоң жаңылыштык болот. Бул бизди кемсинтүү болот. Кишиневдо адамдар кандай кийинип жүргөнүн, көчөлөрдө “Мерседес” сыяктуу кымбат баалуу автомобилдер көп болгондуктан, шаардын бир башынан эки башына чыгуу өтө кыйын экенин айтсак, кайдагы жакырлык. Ырас, маалыматтар биз каалагандай жакшы эмес.
XS
SM
MD
LG