Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Тажикстандык жаш балдар чет өлкөлөргө кулдукка сатылууда


Дүйшөмбүлүк укук коргоо уюму өлкөдөн жаш балдарды уурдап чыгып сексуалдык кулдукка сатуу көрүнүшү жайылып баратканына тынчсыздануусун билдирди. "Модар" аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Гулчехра Мирзоева Франс пресс агенттигине билдиргендей, өткөн жылы 12-14 жаштагы беш тажик өспүрүмү Бириккен Араб Эмираттарына уурдалып бараткан жеринен кармалган. Укук коргоочу чынында кулдукка сатылган тажик балдарынын саны андан кыйла жогору экенин белгилеп, Пакистан, Түркия, арап өлкөлөрүндөгү айрым бай адамдар тажик өспүрүмүн ондогон миң долларга сатып алган окуялар маалым экенин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG