Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

2-ноябрдагы президенттик шайлоо алдында АКШдагы башкы талапкерлер радио аркылуу элге кайрылышты


Президент Жорж Буш анда өзүн террорчулукка каршы мыкты күрөшө турган ишеничтүү лидер деп атаса, анын атаандашы Жон Керри – шайланып калса, Буштун Америкада жана чет өлкөлөрдө жасаган катачылыктарынын баарын оңдоого сөз берди. Азыркы президент 11-сентябрдагы теракттардан кийин Америкадагы жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдей турган аракеттерди жетектеп, Ирак менен Ооганстандагы террордук режимдерди кулатканына басым жасады. "Мени айрым америкалыктар колдобосо да, алар менин позициямды так-анык билишет", - деп белгилей кетти Буш. Сенатор Керри америкалыктар өз өлкөсүн жана анда жашаган ортоңку класстын кеңири катмарын коргой турган президентти тандай алат, мен дал ошондой адаммын, - деп элдин көңүлүн өзүнө бурду.

XS
SM
MD
LG