Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:41

Жалалабад облусунда чет элдик насыялар менен бюджеттик ссудаларды кайтаруунун абалы жакшы эмес


ЖАЛАЛАБАД. Облуста 1994-2000 жылдардын аралыгында алынган Жапон гранты менен казналык каражаттарды, материалдык резерв үчүн буудай менен чет элдик кредиттерди кайтаруу начар жүрүүдө. Жапон грантын төлөөдө гана жылыш байкалганы менен 1970 тонна карызга берилген үрөн менен буудайдын 259 тоннасы гана өкмөттүн кампасына кайтарылган. Бюджеттик ссудаларды өндүрүү араң гана 13 пайызга жетти. КЭЭ бир район менен шаарларда абал мындан дагы төмөн. Чаткал, Алабука, Тогузторо аймактары Жапон гранты менен ссудалардын бир да сомун кайтарган эмес. Майлысуу жана Ташкөмүр шаарлары, Аксы, Базаркоргон, Ноокен аймагындагы өнөр жай ишканаларынан чет элдик кредиттерди кайтарып алууга мүмкүндүк азырынча жок болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG