Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Талас облустук ооруканасына Америкадан жардам келди


ТАЛАС. Талас облустук Бириккен ооруканалардын башкы врачынын орун басары Эсен Сарногоевдин «Азаттыкка» 31-октябрь күнү билдирген маалыматына караганда, Америкадан Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдын бир бөлүгү Талас облустук ооруканасына да жеткирилди. «Үмүт» программасынын алкагында келген 8 млн. сомдун тегерегиндеги бул жардамды «Сити хоуп» жана «Агро» компаниялары жөнөткөн жана алар негизинен операция жасоого тийиштүү медициналык жабдуулар менен аспаптар. Башкы врачтын орун басарынын айтканына караганда, эми Талас районундагы Көкой айылындагы хирургиялык бөлүмдү облустук борборго көчүрүп келүүгө толук шарттар түзүлдү.

XS
SM
MD
LG