Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Кыргыз атуулдары АКШдагы шайлоого пикирин билдире алат


БИШКЕК. 2-ноябрда Америкада президенттик шайлоо болот. Бул өлкөнүн дүйнөлүк саясатка тийгизген таасирин эске алып, эл аралык деңгээлдеги бир катар өкмөттүк эмес уюмдар альтернативдүү шайлоо участкаларын уюштуруп, ал жерлерде АКШнын атуулдары эместердин добуш берүүсүнө шарт түзүүдө. Кыргызстанда бул демилгени «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму колдоп, Бишкек шаарында төрт университетте жана Айчүрөк дүкөнүндө АКШдагы шайлоого байланыштуу альтернативдүү шайлоо участкаларан ачат. Ал жерде атуулдар Жорж Буш менен Жон Керриге эле эмес, Киото протоколу, Ирак согушу, өзөктүк куралдарды жоготуу жана АКШнын Израилди колдоо саясаты боюнча да өз пикирлерин билдире алат. Анткени добуш берүү бюллетендерине бул маселелер да киргизилген.

XS
SM
MD
LG