Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Атуулдук бирикменин лидерлери алмашылабы?


БИШКЕК. Жакынкы убакта «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикменин жетекчилигенде өзгөрүү болот. Бул тууралуу бирикменин лидерлеринин бири Мелис Эшимканов бүгүн билдирди. Анын айтымында, Мисир Ашыркулов менен Адахан Мадумаровдун Курманбек Бакиев жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылына» өтүүсүнө байланыштуу бирикменин жетекчилигин алмаштыруу зарылчылыгы келип чыкты. Май айында түзүлгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин төрагалыгына мурунку коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, ал эми анын орун басарлыгына Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров шайланган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG