Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Арафат экинчи жолу текшерүүдөн өттү


Парижге жакын жердеги ооруканада дарыгерлер палестин лидери Ясир Арафаттын дарты канчалык оор экендигин аныктоо үчүн аны экинчи жолу текшерүүдөн өткөрүштү.
Алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Арафат эч кандай айыккыс оору менен оорубайт экен. Бирок муну экинчи жолку текшерүүнүн жыйынтыгы да тастыкташы керек. Ал шаршембиде чыгат.
Арафатты Парижге анын ден-соолугу кокус эле катуу начарлай түшкөндөн кийин, жума күнү алып келишкен.
Франциянын Тышкы иштер министри Мишель Барнье “израилдик бийликтер Арафат ооруканадан чыккандан кийин анын Иордания аркылуу Рамаллахка кайра келүүсүнө уруксат беришкендигин” бышыктады.
Ал эми Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Арафат өлгөн күндө да, анын денесин Иерусалимге койдурбай тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG