Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

ТОКОЙ БАЙЛЫКТАРЫ ЖОК БОЛУП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУНДА ТУРАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Түштүк Кыргызстандын аймагындагы токой байлыктары жок болуп кетүү коркунучунун алдында турат. Мына ушундай мазмунда тынчсызданган Түштүк токой коомдук фонду жакында массалык маалымат каражаттары үчүн атайын билдирүү таратты. Аталган өкмөттүк эмес уюмдун кабатырлануусуна кийинки кездердеги токой байлыктарын аёсуз кыркып жок кылуу учурларынын көбөйүп жатышы себепчи болгон.

Түштүк Кыгызстандын аймагын негизинен арча, карагай жана жаңгактын сейрек кездешүүчү табигый тукумдарынан турган токой аянттары ээлейт. ХХ кылымдын башында орус падышачылыгынын атайын экспедициясы Түштүк Кыргызстандын токой аянттарын изилдөө максатында келип, аймакта 1 млн. 200 миң гектар жаңгак, 400 миң гектардан ашык арча жана 250 миң гектарга жакын карагай токойлор бар экендигин аныкташкан. Мындай малыматтар кече-кийин эле Орусиянын борбордук архивнен табылган. Өткөн кылымдын башында табылган эсепке салыштырмалуу учурда жаңгак токойлорунун аянттары 2 жарым эсеге, арча токойлорунуку болсо 4 эсеге, карагай өсүмдүктөрүнүн аянты 3 эсеге кыскарган. Түштүк токой коомдук фондунун төрагасы Абдыжапар Аккулов өткөн 10 жыл ичинде токойлорду сактап калуу жана өнүктүрүү боюнча бир катар мамлекеттик программалар кабыл алынганы менен алардын бири дагы натыйжа бербей жатат деген пикирин билдирди:

- Бүгүнкү күндө мыйзамдык актылардын өз кезегинде кабыл алынып жатканына карабастан токойдун абалы өтө начар. Себеби дүйнөлүк инвесторлорду, эл аралык күчтүү уюмдарды биздин токой секторубузга тартуу, бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы ошондон канчалык жыйынтык, же пайда келүүдө? Токой кодексинде жамаатарды токойду жамаатташып пайдалануу деген эң сонун жобо кабыл алганбыз. Ошол жобо токой алкактарында жашап жаткан элдерге жетпегендиги, эл менен түшүнүшүп алып туруп токой саясатын кантип жүргүзүштүн. Менимче, ошол элдик методун, же токой чарбасын жүргүзүүнүн моделин иштеп чыгарышыбыз керек, - дейт Абдыжапар Аккулов.

Түштүк токой коомдук фондунун өкүлдөрү токой чарбаларынын иштерине байкоо жүргүзүү менен «токойлордун биринчи душманы токойчулар» деп эл арасында айтылып жүргөн сөздөрдүн чындыгына күбөө болушкан. Ал эми токойдогу кырдаалды ачык айтканы үчүн куугунтукка алынып жүргөн Алай токой чарба бөлумүнүн кызматкери Адан Абдылдаев токойлордун кыркылып жок болуп кетип жатышына токой чарба жетекчилери түздөн-түз күнөөлүү деген пикирин билдирди:

- Токойду коргоо керек, коргогонго бизде шарт жок. Биздин формабыз, иш атыбыз, машинабыз жок. Эч ким токойчуларды тоготпойт. Начальниктер өздөрү токойду курулуш материалдарга сатып жатышат. Мындай боло берсе Алайдын токойлорунан эки жылда эч нерче калбай калат, кийинки келечектеги муундарга эмне кылуу керек.

Ал эми Ош токой чарбасынын директору Садырбек Абытов токойлордун жок болуп кетип жатышынын себептерин башка нерседен көрөт. Анын пикиринде калктын отун-сууга болгон кескин муктаждыгы, көмүскө каракчылыктын көбөйүшү токой байлыгын талап-тоноого көмөкчү болгон негизги себеп:

- Токойлордун кыркылып кетишинин негизги себеби, бул биздин жашаган турмушубуздун негизинде отун маселеси чечилбей келгени. Андай фактылар көп, ошого карап биз иштеп жатабыз, - дейт Садырбек Абытов.

Түштүк токой коомдук фондунун кызматкерлери Түштүк Кыргызстандын токой чарбаларынын иштерине эки жылдан бери атайын байкоо жүргүзүшүп, болжол менен жылына бир жарым миң кубдан ашуун карагай, эки жарым миң кубга жакын арча жана 870 кубдай жаңгак өсүмдүктөрү кыркылып кетип жаткандыгын аныкташкан. Токой чарба багытындагы көз карандысыз эксперттеринин пикиринде токой байлыктарын кыркып жок кылуу ушундай темп менен кете бере турган болсо, алдыдагы жыйырма жылдыкта түштүктөгү токой байлыктары дээрлик түгөнүп бүтөт.
XS
SM
MD
LG