Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

«Талант тагдыры» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таанымал обончу, аккордиончу, маркум Мамат Оморовдун жаркын эстелигине арналган музыкалык эс тутумду сунуш кылабыз.

«Дүйнөдөн көзү өтсө да таланттуунун өнөрү жашай берет жүрөктөрдө» дегендей белгилүү обончу, аккордиончу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мамат Оморовдун калдайган калың калкы менен түбөлүккө кошайтышканына чейрек кылымга аяк басты. Ал 1935-жылы Өзгөндүн Кандаба айылында жарык дүйнөгө жарк эте келген. Мамат бармактайынан бактысын музыка дүйнөсүнөн издейт. Өз алдынча аккордионду тартканды, комуз черткенди үйрөнөт. Тубаса музыкалык шыкка бай жаш баланын аткаруучулук чеберчилиги аккордионду тартканда көрүнөт. Музыкалык сабатын жоет. Нотаны беш колундай билет. Кандай гана нотага жазылган (түшүрүлгөн) чыгарма болбосун шабырата окуп, шартылдата аспапта эркин ойнойт.

1964-жылы «Алга» совхозунун өздүк көркөм чыгармачылыгын жетектейт. Катышуучуларга репертуарларды даярдайт. Ондогон обондорду, күүлөрдү аккордион баштаган аспаптар үчүн иштеп чыгат. Чакан эл аспаптар оркестрин уюштурат. «Кара шоро» аттуу көлөмдүү музыкалык композицияны түзөт. Республикалык кароодо баш байгени жеңип, Мамат жетектеген жаамат «элдик филармония» деген наамга татыктуу болот. Алгачкы жолу өзүнүн «Кара шоро» аттуу обонунда көргөндөрдү кооздугу менен таңдаткан кенен жайлоо келбеттин сыпатайт. Анда эмесе кезек автордун өзүнүн жана шакирти Рысбай Абдыкадыровдун аткаруусундагы «Кара шоро» аттуу ырда.

1975-77-жылдары Оморов Совет (азыркы Каракулжа) районун маданият үйүнүн алдына «Тообулагы» аттуу ыр-бий ансамблин уюштурат. Адаттагыдай эле жаматтын аткаруучулук чеберчиликтерин өркүндөтүп, өздүк репертуарын байытат. Кыргыз, орус, өзбек, тажик, казак жана башка элдердин ырларын, ар кандай жанрдагы чыгармаларын ыр-бий ансамбли үчүн иштеп чыгат. Мамат «Кара шоро» аттуу ыры баш болгон өзү жашаган замандын ар кандай көрүнүштөрүн, өсүштөрүн даңктаган «Биздин максат», «Алайга», «Жаз дарыясы», «Адамзаттын энеси», «Космонавттарга», «Комсомолдун жүрөгү», «Эмнеге сенден кат албайм», «Эх, музыка» аттуу жана башка патриоттук, лирикалык ырларды чыгарат. Бул чыгармалар жеке эле өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларынын ооздорунан түшүрүшпөй ырдашкан ырларына эле эмес, таанымал профессионал артисттердин да репертуарларында ырдалат.

Маркум Мамат менен бирге иштешпесе да көзү өткөнчө чейин жакшы билген ар дайым карым-катнашта болгон кесиптеши, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаев:

- мен 60-жылдары Нарын музыкалуу драма театрында актер болуп иштеп жүрдүм. Республикага эки-үч айлап гастролго чыкчубуз. Ошол кезде бир жакшы салт бар эле кайсы жерден жакшы ырчы, комузчу, аккордиончу чыкса атайын ага барып жолугуп, өнөрүн көрүп, өзүбүздүн өнөрүбүздү тартуулап, кеп-кеңештерибизди айтышып, пикир алышып, баарлашчубуз. Алгач Маматты Өзгөнгө барганда атайын издеп барып жолугуп тааныштым. Мамат өзү абдан жөнөкөй, кичипейил, сылык жибектей созулган эң жумшак жоош жигит экен. Аны сыртынан караганыңда аккордиончу деп эле айта албайсың. Ал эми аккордиондо ойногондо тим эле укмуш. Ушул кезге ошондой чебер ойногон аккордиончу көрө элекмин. Ал орус композиторлорунун классикалык чоң-чоң чыгармаларын тартуучу. Анын аккордиондун клавиштерин (тилчелерин) басып ойногондо ушунчалык ылдам ойногондуктан карап үргүлө алчу эмесмин. Маматтын аккордионду ойноодогу, техникасы ушундай укмуштай күчтүү эле. Баарыбыз оозубузду ачып таң калчубуз. Ал эми борборго кароолорго, фестивалдарга келгенде вальсты ойногондо студенттер, жаштар сахнадан кетирбей эки-үч саат ойноткондоруна көп жолу күбө болдум. Ал угуучуларга кыйыктанбай алар канча сурашса ошончолук ойноп көңүлүн калтырган өтө назик, жумшак убадага бек адам эле. Рыспай Абдыкадыров менин окуучум деп сыймыктануучу, Рыспайга устатым Мамат аке деп, оозунан түшүрчү эмес. Ошол кездерде «Кара шоро», «Музыка» деген обондорду чыгарып аты элге кеңири белгилүү болуп калган эле.

Калыйбек мырза, Мамат менен акыркы жолу канча жылдан кийин жолугуштуңуз эле?

- Кийин үч жылдан кийин Маматка барып жолуктум. Жолукканда эле аккордион тарттырчумун. Себеби анын ойногону өтө кызыктуу, укмуштуу эле. Ошондо Маматка аккордион ойноп бер десем: Ой, Калыйбек колду карачы болбой калды. – Эмне үчүн? – десем - там салдым – деди. Аялы медсестра эле. Салган тамына бардым. Алдына алманып жаш көчөтөрүн отургузуп коюптур. Ушинтип там салып, кара жумуш иштеп колум катып калды – деди, ошондо да аккордионду боздото тартып укмуш ойноду. Эки-үч эркек балдары бар эле. Ошондо Мамат: - Ой, балдар Калыйбек акеңерге кыяк тартып бергиле деп калды. Балдарына килейген чоң баянды кучактатып койгон, баштары араң чыгат. Ошондо бас менен кадимкидей аккордиону менен ойноп атышты. Таң каласың. Алар алган бастарды биз ала албайбыз. Ошондой балдары бар эле, азыр эмне болгонун билбеймин.

Калыйбек мырза, замандаштарынын айтымында музыкасын шак илип алган музыкалык угум (кармап) калуучуулук өтө күчтүү эле дешет. Сиз андай өзгөчөлүктү байкай алдыңызбы?

- Маматтын дагы бир артымчылыгы ошол кездеги Индиянын кинофильмдериндеги музыкаларды, обондорду ойногонго кызыкчубуз. «Селсаяк», «Мырза-420» аттуу фильмдердин музыкалары укмуш эле. Ошону Мамат кинодон көрүп, угуп басы менен кадимкидей нотага түшүрчү. Ал өзүнчө бир укмуш эле. Биз Маматтан нотаны көчүрүп алып, анан үйрөнүп тартып жүрдүк. Мындай чоң талантты мен көргөн жокмун, - деп эскерет кесиптешин эл артисти Калыйбек Тагаев.

Эми кезекти Оморовдун «Музыка» аттуу ырына берейин, Эл артисти Тамара Жэумакаеванын аткаруусунда.

Оморов обондорду чыгаруу, аккордиондо чыгармаларды аткаруу, ырчыларды коштоо менен бирге өзү жетектеген чакан эл аспаптар оркестрине күүлөрүн жана башка элдердин музыкаларында иштеп чыккан. Азыр өткөн кылымдын 60-жылдарындагы Оморов жетектеген өзгөндүктөрдүн эл аспаптар оркестринин аткаруусундагы «Курма күүнү» угуңуздар.

Маркум Оморовдун өнөрү менен өз учурунда кыргыз эле эмес, КМШ, Сирия, Польша жана башка өлкөлөрдүн угуучулары да таңдана угушкан. Ал өмүрү гүлдөп, өнөрү өркүндөп турган 45 жаш курагында дүйнөдөн кайтат. Анын үзүрлүү ак эмгеги кезинде өкмөт тарабынан жогору бааланып «Ардак белгиси» ордени «Эң жакшы эмгеги үчүн» төш белгиси, СССРдин эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалы менен сыйланат. Жердештери Оморовдун ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн 1993-жылы элдик филармонияга, мектепке ысымын беришет.

«Өкүнөсүң каласың, өткөндү кандай табасың» дегендей бир гана эң өкүнүчтүү Оморовдун ондогон обондору, аткаруусундагы чыгармалар Кыргыз Улуттук телерадио берүүлөр корпорациясынын алтын коруна жазылбай калган. Бар болгону үч гана чыгармасы жазылган.
XS
SM
MD
LG