Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Терминатордун президент болуу ниети бар


Калифорниянын губернатору Арнольд Шварценнеггер эгер АКШнын Конституциясы өзгөртүлүп, чет элде туулгандарга дагы президент болуп шайланууга уруксат берилсе, Кошмо Штаттарынын эң жогорку кызматы үчүн ат салышуудан кайра тартпайт элем деп билдирди. Шваценнеггер СиБиЭс телеканалында чыгып сүйлөдү.

Австрияда төрөлгөн Шварценнеггер Кошмо Штаттарына 1968-жылы келип, темирдей муштуму жана киноактер катары атагы чыгып, байыган. Мамлекеттик кызматка ал өткөн жылы ат салышып, Калифорниянын губернаторлугун кайра шайлоодо жеңип алган.

Шварценнеггер АКШнын атуулдугун 1983-жылы кабыл алган.

XS
SM
MD
LG