Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Иракта Фаллужа шаары үчүн согуш уланды


Кечээ америкалык аба күчтөрү Ирактын батышындагы бул шаарды кайрадан бомбалашты.

Рамади шаарында да согуш аракеттери болгондугу кабарланды.

Анын аралыгында Ирактын убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси Аяд Алави "Фаллужаны чет өлкөдөн келген террористтерден тынч жол менен бошотууга убакыт калбай баратат" деп эскертти. Рамади шаарында америкалык аскерлер менен жергиликтүү куралчандардын ортосундагы кагылышта кеминде жети кишинин окко учканы кабарланууда.

Баш калаа Багдадда кечээ куралчан ок ачканда, Улуттук Гвардиянын эки мүчөсү каза тапты. Ал эми кечинде түндүктөгү Тикрит шаарында мейманканада жарылуу болуп, кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG