Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Украина: Янукович менен Ющенко дээрлик тең баратат


Алдын-ала эсептөөлөр көрсөткөндөй премьер-министр Виктор Янукович менен оппозиция лидери Виктор Ющенко президенттик шайлоодо берилген добуштар боюнча дээрлик теңелишти. Азырынча добуштардын 90 проценттейи саналып бүттү. Янукович 40%тен бир аз көбүрөөк, ал эми Ющенко 39%тен бир аз ашыгыраак добуш алганы маалымдалууда. Бул - акыркы жыйынтык эмес - дале болсо добуштар саналууда.

Байкоочулар добуш берүүдө бир катар эреже бузуулар болгондугун билдиришти.

Шайлоого каттоодон өткөндөрдүн 76 пайызы катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG