Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

ТЕЛ-АВИВ БАЗАРЫНДА ЖАРДЫРУУ БОЛДУ


Бүгүн бир палестиндик жанкечти Тел-Авив шаарында эл кымгууттап чогулган бир базарда өзүн-өзү жардырып өлдү. Бул террордук чабуулдан үч израилдик набыт болуп, 30дан ашуун киши жаракат алганы кабардалууда. Палестин бийлиги Израилдеги бул террордук чабуулду айыптап чыкты.

Израил полициясынын айтымында, Тел-Авивдеги Кармел деп аталган борбордук базардагы жардыруу жанкечтинин гана колунан келди. Бийлик өкүлдөрү набыт болгон төрт кишинин бирин жанкечти катары боолголоодо.

Жардыруу дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки 11:00де болгон. Франс пресс агенттигинин маалымдашынча, бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти Палестинаны боштондукка чыгаруунун элдик майданы деген уюм өзүнө алды. Уюмдун айтымында, жанкечти – Наблус шаарынын тургуну болгон 18 жашар улан эле.

Ал эми Палестин өкмөтүнүн мүчөсү, сүйлөшүү жүргүзүү боюнча министр Саэб Эрекат (Saeb Erekat) бул жардырууну өз өкмөтү терең айыптай турганын билдирди:

- Карапайым атуулдарды бутага алууну дайыма айыптап келгенибиздей эле, бул террордук чабуулду да айыптайбыз. Ошону менен бирге, биз эл аралык коомчулукту тынчтык жараянын кайра жандандыруу үчүн бар аракетин жумшоого чакырабыз, анткени дал ушул жол гана мындай жарамсыз чынжырды үзө алат.

Бул жанкечтилик чабуул үчүн кандай учур тандалып алынганы да байкоочулардын көңүлүн бурган жагдай болууда.

Лондондук адис Тури Мунте (Turi Munthe) бул жардыруу аркылуу палестин жоочулары өз атажуртунун эгемендиги үчүн күрөштү Палестин президенти Йасир Арафаттын бар же жок экендигине карабастан улантаарына ишаара кылууда деп санайт:

- Бул чабуул эгерде Арафат Израил менен сүйлөшүү жүргүзүү же тынчтыкка жетишүү үчүн кол коюуга акылуу бирден-бир саясатчы катары милдетин аркалай албай калчу болсо, анда израилдиктер өтө опурталдуу кырдаалга кептелет деген эскертүү болуп саналат.

Мунтенин оюнча, айрым израилдик чөйрөлөрдүн эгерде Йасир Арафат саясий сахнадан кетсе, кыйла жеңилдеп үшкүрөбүз го деген ою калпыс экенин дал ушул жардыруу окуясы айгинелеп тургансыйт.

Йасир Арафат Рамалладагы кеңсесинен мындан төрт күн илгери Франциядагы ооруканага жеткирилген. Бул – Арафаттын соңку бир нече жылдын ичинде алгачкы жолу бул кеңседен сыртка чыгышы эле.

Арафаттын жардамчыларынын айтымында, анын оорусунун так диагнозу табыла элек.

Израил армиясынын жетекчилиги болсо палестиндердин 75 жаштагы президенти өз аймагына кайтып келе элек чакта соңку жардырууга карата сабырдуулук менен мамиле кылаарын билдирди.

Израил-палестин жаңжалынын чечилиши жалаң гана Йасир Арафатка байланыштуу эмес экендигин соңку чабуул айгинелеп жатканын көз каранды эмес серепчилер белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG