Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Бүгүн Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өтөт. Соңку сурамжылоолор экинчи мөөнөткө калууга ынтызар болуп жаткан президент Жорж Буш менен анын атаандашы, демократ-сенатор Жон Керринин Ак Үйдүн төрүн ээлөө мүмкүнчүлүгү тең экенин көрсөтүүдө. Жекшемби күнү Буш жана Керри Флорида жана Огайо штаттарын кыдырышып, шайлоочулар менен кездешти. Бул эки штатта өткөрүлгөн сурамжылоолор да аларды жактоочулардын саны бирдей экенин аныктаган. Ошондуктан байкоочулар бул ирет да 2000-жылкы президенттик шайлоодогудай чатак кайра кайталанып, тартышты Жогорку сот чечиши мүмкүн экенин айтышууда.

2000-жылы америкалыктарга президенттик шайлоодо ким жеңип чыкканын билүү үчүн Жогорку соттун өкүмүн 36 күн бою зарыга күтүүгө туура келген. Андан берки төрт жылда Кошмо Штаттары 11-сентябрь кыйраканынын баштан кечирип, Ооган жана Ирак жеринде согуш отун кечүүдө.

Анткен менен президент Жорж Буштун дагы бир ирет Ак Үйдө калуу мүмкүнчүлүгү бар. Себеби социологиялык изилдөөлөр Жор Буш менен анын атаандашы - демократ-сенатор Жон Керринин тарапкерлеринин саны ортосундагы айырма 1-2 проценттен ашпаганын көрсөтүүдө. Андан улам 2-ноябрда төрт жыл мурда Буш менен вице-президент Алберт Гордун ортосунда болгондой “ит жыгылыш” кайталанышы мүмкүн деп жорушат талдоочулар.

Америкалык эксперт Женнифер Даффи айымдын буга байланыштуу пикири:

–Биз узак түнгө даяр болушубуз керек деп ойлойм. Шайлоодон кийинки түнү жыйынтык чыкпаган, жыйынтыкты билүү үчүн бир нече күндү күтүүгө даяр турушубуз керек.

Ж.Даффи бейөкмөт “Cook Political Report” аттуу саясый жаңылыктар бюллетенинин аналитиги.

Ирактагы согуш, өлкөдөгү коопсуздук жана саламаттыкты камсыздоо проблемасы президенттик шайлоого болгон кызыгууну кийинки он жылда болуп көрбөгөндөй күчөтүүдө. Ошон үчүн эл добуш берүүгө жапырт чыгат деп күтүүлүүдө.

50 штаттын экиден үчүндө алдын ала добуш берүү жүрүүдө жана ага шайлоочулар демейдегиден жандуу катышып жатышканын маалымат агенттиктери кабарлашууда. Мунун өзү Америка шайлоочуларын изилдөө комитетинин директору, тажрыйбалуу талдоочу Куртс Ганстын пикиринче, таймаш катаал болорунун дагы бир далили:

–1968-жылкы Демократтык партиянын алдын ала добуш берүүсү - праймеризин, Линдон-Жонсон жана Вьетнам согушун айтпаганда, мен өмүрүмдө, 1937-жылдан бери азыркыдай жөөлөштү көргөн эмесмин.

Изилдөөлөргө караганда, калктын консервативдүү бөлүгү президент Буштун терроризмге каршы согушун, салыкты кыскартуусун жактап, аны салтуу баалуулуктардын тарапкери деп билет. Демократтык партиянын жактоочулары Буштун Ирак саясатын сындашып, натуура фискалдык саясат жүргүзүүдө деп эсептешет.

2000-жылы Флорида штатында болгон сүр-сүрдөн эки жыл өткөндөн кийин Конгресс жаңы мыйзам кабыл алган. Бирок шайлоочулардын аты-жөнү жазылган маалымат булагы (базасы) аз гана штаттарда толук такталып бүткөн. Шайлоо участкаларында мындай булактын жоктугу - добуштарды саноону дагы татаалдатышы мүмкүн. “Electionline.org” деген бейтарап вебсайттын директору Д.Чапиндин сөзү:

-Тийиштүү булактардын кору(базасы) жок болгондуктан, шайлоочулар өз ордундабы же туура катталганбы, аны текшерүүчү куралыбыз жок. Биз жергиликтүү маалыматтарды штаттын деңгээлиндеги бизде мурдатан бар тизме менен салыштырып толуктоодобуз.

Жаңы мыйзам шайлоочунун катталган жайы күмөндүү болгон шартта ага “убактылуу добуш берүүчү” деген статус менен өнөктүккө катышууга уруксат берген. Бул да бюллетендерди саноону кыйындатат дешет эксперттер.

2-ноябрдагы шайлоодо Конгресстин эки палатасын кайсы партия контролдой турганы да айкын болот. Бу күнү Өкүлдөр палатасынынын 435 мүчөсү жаңыдан шайланат. Ал эми жогорку палата же Сенаттын 100 мүчөсүнүн үчтөн бири гана жаңыланат. Азыр эки палатада тең президент Жорж Буштун катарындагы Республикачылар партиясы үстөмдүк кылышат.
XS
SM
MD
LG