Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

ОРУСИЯДА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ЖАНДАНУУДА


Муса Мураталиев, Москва Орусияда 30-октябрда “Наш выбор” социал-либералдык партия түптөлдү. Анын уюштуруу курултайы партиянын жетекчилигине таанымал саясатчы Ирина Хакамаданы шайлады. Ошол эле ишемби күнү элдик-патриоттук майда тогуз партия биригип «Орусиянын партиоттору» деген аталышта коалиция түзүшүп, анын төрагалыгына коммунист Геннадий Семигинди шайлашты. Анын айтымында, жаңы коалиция келечекте өз алдынча партия болмокчу.

Ишемби күнү Москва алдында уюштуруу курултайы өткөн “Наш выбор” – “Биздин тандоо“ аталыштагы демократиялык жаңы партия эл оозуна кире баштады. Анын жетекчиси Ирина Хакамаданын айтымында, партия түшкөн саясий жол социал-либералдык багытта болот.

Курултайга 47 аймактан келишкен 176 делегат катышты. Кызык жери, партиянын делегаттары жол киресин өз чөнтөгүнөн төлөп келишкени айкын болду. Хакамада келечекте өлкөнүн бардык демократиялык партиялары биригип, күчтүү блокко айланышын эңсей тургандыгын билдирди:

-Эң башкысы - баардыгыбыз бирге болушубуз керек. Үч эмес, андан алда канча көп болушубуз керек. Биз абдан көп болгондо гана аракетибиз оң натыйжа берет. Ага кошумча дагы жаңы партияларды, жаштарды тартканыбызда ийгилик жаралат.

Ал жерде айтылган кепке караганда “Биздин тандоо” партиясына азыркы тушта 12 миң киши мүчө болуп өтүүгө үлгүргөн. 2007-жылы Мамлекеттик думага депутаттыкка шайланыш үчүн 7 пайыздык тоскоолдон өтүү - алдыда турган максаттардын бири экени айтылды. Анын иш жүзүнө ашышы “Время новостей” гезитине макаласы чыккан Дарья Гусеванын пикиринде "демократиялык партиялар: “Яблоко” жана СПС – “Оң күчтөр союзу” менен тил табышып, биригүүсүнө жараша болот".

Быйыл өткөн парламенттик шайлоодо алар бир топко кошулуудан баш тартышкан. Анализчилер ошол себептен солчул либералдар 5 пайыздык өткөөлдү аша албай калышты дешет. Буга дейре биригүү кебин такыр четке кагып келаткан “Яблоко” партиясы эле. Бул жолу “Биздин тандоо” партиясынын алгачкы курултайына катышкан «Яблоконун» лидерлеринин бири Сергей Иваненко:

- Бул Орусия үчүн кийинчерээкте боло турган маселе. Эки жылдан кийин өтүүчү шайлоодо гана ал жарышта чогуу күрөшүү үчүн коалиция түзүү керек болот, - деди.

Орусиянын саясий турмушунда ошол эле 30-октябрда дагы бир саясий окуя болуп өттү - «Сол күчтөр союзу» деген коалиция уюшулду. Анын жыйыны ордо калаада өттү жана ага тогуз чакан партиянын делегаттары катышты. Натыйжада «Патриоты России» б.а. «Орусиянын партиоттору» коалициясы уюшулуп, анын төрагасы болуп Геннадий Семигин шайланды. Анын айтканына караганда:

- Бул кийинки 14 жыл ичинде өлкөдө алгач ирээт пайда болуп аткан, бирок болочокто өзүнчө саясий партияга айлануучу коалиция.

Бирок коалицияга кирген партиялардын өз алдынчалуулугу азырынча жоюлбайт:

- Коалициянын ичинде баарыбызды кызыктырчу кыйла маселелер бар экенине карабай, ар бир партия өз алдынча саясий күч болуп кала берет, - деди жаңы союздун төрагасы.

Агенттиктер таркаткан маалыматтарда, Геннадий Семигиндин орун басарлары болуп коалицияга кирген тогуз партиянын жетекчилери шайланган. Алардын арасында Абдул-Вахид Ниязов да бар. Ал жетектеген «Евразийская партия» маселен өлкөдө эбактан таат кылып келишкен православие, ислам жана буддизм чөйрөлөрүн эстен чыгарып коюуга болбойт деп келет.

Хакамаданын партиясынын делегаттарына караганда Семигин уюштурган союздун делегаттары кеңкесири дуулдап олтуруп таркашкан. Гезиттер жазганга караганда коалициянын 500дөй делегаты 15 жащик аракты шыпкап ичип туруп анан таркашкан.

XS
SM
MD
LG