Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

2-ноябрь күнү АКШда өтө турган президенттик шайлоого көптөгөн эларалык байкоочулар көз салышат. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен чет элдик чабармандар айрыкча президенттик шайлоо кампаниясы курч өткөн Флорида, Охайо штаттарында топтолушат. Бирок аларга башка көпчүлүк штаттардагы шайлоо участкаларына кирүүгө уруксат берилбейт, анткени аларда Вашингтондун ырасми чакыруусу боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтук уюмунун миссиялары мониторинг жүргүзөт.

Беларустун тышкы иштер министрлиги Вашингтонго кат жолдоп, ырасмий Минскинин элчилигине Америкадагы президенттик шайлоого көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынганына нааразылык билдирди. Тактап айтканда, ал катта Беларустун Вашингтондогу элчилиги өзүнүн чабармандарын АКШнын Виржиния, Батыш Виржиния, Мэриленд жана Колумбия аймактарындагы шайлоо участкаларына көз салдыруу максатында арыз жазып кайрылса, аларга Виржиниядагы эки округда гана иштөөгө уруксат берилип, калгандарына тыюу салынганы маалымдалат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Беларустун бул билдирүүсүн четке кагып, анда айтылгандарга кеңири жооп узатты. Алсак, Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Стив Пайк АКШда бардык саясий талапкерлердин өкүлдөрү же агенттери каалаган шайлоо участкасында мониторинг жүргүзө аларын, алардан башка шайлоо комиссияларынын текшерүүчү топтору өлкөнү түрө кыдырып, добуш берүүгө көз салып, мыйзамсыз аракеттерди токтотууга укуктуу экенин кошумчалады. Вашингтондун өкүлү АКШдагы президенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 75 миссиясы көзөмөл жүргүзөрүн белгилеп, алардын арасында Беларустук дипломаттар да бар экенин эске сала кетти.

Ошентсе да, Америкадагы штаттардын көбүндө жогоруда айтылган ЕККУнын миссияларынан башка чет элдик байкоочулар 2-ноябрда шайлоо участкаларына 90 метрден жакын жолотулбай турганы маалым. Албетте, бул эреже көпчүлүк эларалык байкоочуларга жакпайт. Мисалы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун АКШдагы шайлоого жөнөткөн миссиясынын өкүлү Урдур Гуннарсдоттир ага терең нааразы:

- Биз шайлоо участкасына бир байкоочу киргизилип, башкасы кире албаганын Беларуста болобу же башка жерде болобу, эч убакта кабыл албайбыз. Бирөөгө уруксат берилген жерге башкалар да киргизилиши керек, - дейт Европалык байкоочу. Андан ары ал Америкадагы шайлоо системасынын татаалдыгына токтолот:

-Ар бир штатта, атүгүл шайлоо участкасында аккредитациядан өтүү оңой эмес экен. Европада чет элдик байкоочу бир эле жерге документтерин тапшырып, уруксат алса, Америкада ондогон жерге арыз берип отуруп тажайт экенсиң, калп айтпасам 50 жолу, ар бир штатка, андагы ар бир шайлоо участкасына кайрылдык окшойт.


ЕККУнун байкоочусунун бул айткандары менен Түштүк Африкалык чабарман Жастис Бекебеке макул эмес:

- Биз шайлоо участкасына кирип барып, добуш берүү кандай өтүп жатканын жеринде көрө албайбыз, бирок ошол жагдай биздин ишибизди жокко чыгарат дегенден алысмын. Анткени биз добуш берип чыккан кишилер менен маектешип, алардын айткандарына таянып отчёт жазабыз.


Улуу Британиялык Овен Томас шайлоо алдын-ала башталган Флорида штатында добуш бергиси келгендер узакка кезекке туруп калып, күткөндөн тажап кетип калгандарды көргөнүн айтат. Ал бул жолку президенттик шайлоого эл активдүү катышаары күтүлүп жаткандыктан, 2-ноябрда мындай көрүнүш кеңири жайылып кетпесе болду деп чочулайт.


Айтор, Америкадагы президенттик шайлоо ар бир штаттын мыйзам-эрежелерине жараша ушундай татаалдашкан жагдайда өтөт. Чет элдик байкоочуларга айрым штаттарда добуш берүү участкасында 10 мүнөттөн ашык отурууга уруксат жок. Бирок жергиликтүү байкоочулардын, коомдук активисттердин көзөмөл жүргүзүүсүнө эч ким бут тоспойт.

Жакында президент Жорж Буштун саясатын катыра сындаган документалдык тасма тартып, атагын арттырган кинорежиссер Майкл Мур маселен, 2-ноябрда АКШдагы шайлоо участкаларына 1200дөй кесипкөй оператор, сүрөтчүлөрдү жөнөтүп, добуш берүү кандай өтөөрүн ар тараптуу чагылдыраарын жарыялады. Ал айрыкча Флорида жана Охайо штаттарында шайлоо комиссияларынын, ырасми адамдардын ар бир кыймылы видеокамерага тартылып, тарыхка калтырылаарын эскертти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG