Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Ошто сарык күч алды


ОШ. Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, 1-ноябрга карата облус боюнча сарык оорусунун 1874ү катталды. Алардын 70 пайыздан ашуунун 14 жашка чейинки балдар түзөт. Оорунун өтө көп катталган учурлары айрыкча Карасуу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда байкалууда. Ал эми Ош шаарында сарыктын 1238 учуру катталды.

Абалды көзөмөлдөө жана оорунун мындан ары карай өсүп кетишине жол бербөө максатында облустук жана шаардык бийликтер тарабынан санитардык-эпидемиологиялык штаб түзүлдү. Аталган штабдын жетекчиси Мамасадык Бакиров сарык оорусунун массалык мүнөздө таркап кетүүсүнүн себептерин иликтөө менен, аны алдын-алуунун чараларын иштеп чыгып жатышкандыгын кабарлады.

Жергилктүү эпидемиологдордун айтымында сарык оорусунун мындай олуттуу мүнөздө таралышы ар бир төрт-беш жылда кайталанып турган көрүнүш. Дарыгерлер сарыктын козгогучтары ушул мезгилдерде таралууга же өрчүүгө өзгөчө жөндөмдүү болорун белгилешип, айрыкча балдарды этият кармоону сунуш кылышууда.

XS
SM
MD
LG