Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Милициянын 80 жылдыгы Жалалабадда да белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Облустук бийлик менен облустук кеңеш мыкты тартип сакчыларын ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Быйыл облуста 240 кылмыш былтыркыдан аз катталып, кылмыштын 80 пайызынын бети ачылган.

1924-жылы Кыргыз революциячыл комитетинин буйругу менен уюшулуп, башатында Арстанаалы Осмонбеков, туңгуч генерал Эргешалиев турган облустук милиция 1999-2000-жылы Баткенде террорчулардан өлкөнү коргоого катышып, Чаткалда 7 террорчуну жок кылган. Азыр экстремизмге келишкис мамиле жасалууда.

Коллективдештирүү маалынан тартып согуш учурунда өз милдетин аткарууда облуста 150 милиционер курман болгон.

Азыркы тапта облустагы милиционерлер бир жылдан бери жолго жана тамак-ашка деген пулдарын алыша элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG