Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Жалалабадда дагы сарык күчөдү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук санитардык-эпидемиологиялык станциядан 1-ноябрда алынган маалымат боюнча облуста сарык кесели район, шаарларда дале басылбай жатат. Тогуз айда сарык менен 1400 адам же былтыркыдан 600 адам көп ооруду.

СПИДдин иммундук таңкыстык илдетин жуктурган 31 тургундун 85 пайызы баңги.

Жалалабад, Сузак, Ноокен, Аксы айымагынан 82 адам ичкелтеге чалдыкты. Ноокен районундагы Бүргөндү айылында жүргөн бир айлык эпидемияда ичкелте жуктургандыгына шектелген 76 адам ооруканага жаткырылган. Оору табылган 44 кишинин 80 пайызы балдар. Таза суунун аздыгынан оору чыккан аймакта дарыгерлердин үч бригадасы иштеп, түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүп, эпидемияга каршы күрөш фондунан 88 миң сомго дарылар сатылып алынып, колдонулду.

XS
SM
MD
LG