Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Кыргыз милициясына 80 жыл


БИШКЕК. Бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 80 жыл толду. Бул мааракеге арналган салтанаттуу жыйын өтүп, ага премьер-министр Николай Танаев катышты. Ага чейин Бишкектин Жумабек көчөсүндө Сагын Наматбаев атындагы музей ачылып, ага кыргыз милициясынын басып өткөн жолун чагылдырган маалыматтар коюлду.

Ички иштер министрлигинин борбордук аппараты министрликтин имаратынын маңдайында майрамдык парад өткөрүп, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков сөз сүйлөдү.

Кыргызстандын милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG