Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Коомдук кыймыл президентти тактан кетирүүгө кызыкдар


БИШКЕК. Кыргызстандын элдик-патриоттук кыймылы бүгүнтөн тартып президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүүнү талап кылган атуулдардын колун чогулта баштады. Бул тууралуу кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында Бишкектин Геология көчөсүндөгү №14 үйдө Акаевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтоо штабы жайгаштырылып, штабдын башчылык милдетин аткарууга Нышанбек Назаров жооптуу болду. Ал эми кол топтоо ишине Клара Ажыбекова башында турган Кыргызстан коммунисттик партиясы жана Аксы районунда түзүлгөн «Жергетал» коомдук фонду көмөктөшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG