Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Аскар Акаев Грекияда


БИШКЕК. 1-ноябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Грекиядагы ырасмий сапары уланды. Ал бул күнү Грекиянын президенти Константинос Стефанопулос жана парламентинин спикери Анна Бенаки-Псаруда менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана регионалдык, эларалык маселелерди талкуулады.

Кездешүүдө эки мамлекеттин ортосундагы алаканы өркүндөтүү үчүн айыл чарбасы, анын продукциясын кайра иштетүү, туризм жана тейлөө тармактарында кызматташуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагдайы тууралуу сөз жүрдү. Сүйлөшүүлөрдүн акырында туризм тармагында кызматташуу, эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамы жөнүндөгү макулдашууларга жана тышкы иштер министрликтеринин өз ара аракети тууралуу протоколго кол коюлду. Мындай маалыматты кыргыз президентинин басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG