Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

ПАРЛАМЕНТ "ЖИБЕК ЖОЛУ" АРКЫЛУУ ЖОК БОЛГОН МИЛЛИОНДОРДУ ИЛИКТӨӨДӨ


1-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны чет элдик кредиттерди кайтаруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын отчётун укту. Отчётто Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү, Борбор Азия кызматташтык жана өнүктүрүү банктары, «Жибек жолу» акционердик коомунун кредиттик долбоорлорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар тууралуу айтылат. Анда белгиленгенге караганда аталган кредиттер мамлекетке баш-аягы 1 миллиард 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирген.

Аталган долбоорлордун ичинен «Жибек жолуна» байланышкан иш айрыкча ашкере көз боёмочулук катары саясий жана ишкер чөйрөдө олуттуу талаш-тартышты жаратып келатат. Жалалабад облусунда суусундук жана балдардын азыгын даярдоочу ишкана куруу максатын көздөгөн акционердик коом өкмөттүн кепилдиги аркылуу швейцариялык «Андре» фирмасы менен кызматташууну 1993-жылы баштаган.

Баш-аягы 30 миллион долларлык каражатты зыянга учураткан бул долбоорду териштирүү 1997-жылы башталып, андан бери Улуттук коопсуздук кызматы ишти эки ирет козгоп, кайра жапкан. Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны 9 жолу токтом кабыл алып, андан майнап чыгара алган эмес.

Өткөн жайда депутаттар кайрадан бул маселени башкача өңүттө иликтөө максатында комиссия түзүп, анын тыянагын эми талкууга коюп отурат. Комиссиянын тыянагына караганда, Улуттук банк «Андре» фирмасына ишканага ташылган жараксыз жабдыктар үчүн акыны резервдик каражаттын эсебинен төлөп берген. Бул тууралуу мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Болот Байкожоев мындай дейт:

- Биз баягы легендарлуу парламент айтып жүргөн алтынды күрөөгө коюп, кредит алып атпайбызбы. "Андре" ошону менен кредит алып, эски-уску жабдыктарды алып келип, иштете албай, анан бизден Улуттук банктын эл аралык резервде турган акчаны алып кетип атпайбы.

Долбоорду элдин кызыкчылыгына каршы жасалган көз боёмочулук деп эсептеген комиссиянын маалыматында мурда токтотулган кылмыш ишин кайра козгоону сунуштаган. Бирок башкы прокуратура токтотулган кылмыш ишин кайра козгоо олуттуу негиздемелерди талап кылаарын белгилөөдө. Башкы прокурордун орун басары Учкун Каримовдун айтымында "Жибек жолу" аркылуу чыгымдалган 30 миллион доллардын юридикалык негизи аныктала элек:

- "Жибек жолунун" 30 миллион долларлык кредити али бизге белгисиз. Себеби, каржы министрлиги муну карызга санаса, комиссия муну чыгым деп атат. Мындай ача негиздемелер укуктук жактан биздин ишибизди татаалдаштырып атат.

Бирок депутат Жаныш Рустембековдун пикирине караганда бул иш боюнча кылмыш козгоого негиздер жетиштүү:

- Мындай иш үчүн каржы министрин отургузуш керек. Каржы министри канча мыйзам бузганын билесизби? Билесиз. Уразбаев менен Нанаев мамлекеттин кепилдиги жок эки менчик ишкана ортосундагы документке кайсы негизде кол койду? Буга да иш козгош керек.

Парламентте жарыш сөзгө чыккан депутаттардын көпчүлүгү бул маселеге байланыштуу Улуттук банктын, Каржы министрлигинин мурдагы жетекчилери баш болгон мамлекеттик кызматкерлер жасаган иши үчүн жооп бериш керек дешти. Ал эми айрым депутаттардын көз караштарына караганда, бул саясий эркти жана түшүктү талап кылган оор маселе.

- Башкы прокуратурадагы бүгүнкү жетекчилер жаңы. Мурунку жетекчилер ушунча ишти жаап атса, бир нерсе бар да бул жерде. Ошондуктан бул маселени канча айтканыбыз менен (башкы прокуратура) аягына чыгара албайт. Ошондуктан президенттен бул маселени көзөмөлгө алышын суранышыбыз керек. Ошентип аягына чыкпасак кыйын болот. Ансыз деле мына мөөнөтүбүз бүтүп баратат. Бул жерде көп маселе бар. Муну токтомго киргизсек,- деди Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков.

Депутат Каныбек Иманалиев одоно мыйзам бузууларга тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер ишмердүүлүгүн улантууга моралдык укугу бар же жок экенин тактап берүүнү башкы прокуратурага сунуштады. Ал эми депутат Муратбек Мукашев Улуттук банктын беш жыл мурда дайындалган төрагасы Улан Сарбановдун ишине баа берүү сунушун президентке берүү керек деди:

- Президент Улуттук банктын күнөөсү менен өлкөдөн 50 миллион доллар уурдалып кеткенин айткан жана бул фактыны бышыктай турган мисалдарды келтирген. Бул - Жайсанбаевге, «Жибек жолу» –«Андре», Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкына жана Борбор Азия өнүгүү жана кызматташтык банкына байланышкан маселелер.

Мына ушул өңдүү сунуштарды эске алуу менен парламент токтомдун долбоорун бир нече күндөн кийин добушка коё турган болду. Ал эми сынга алынып жаткан тараптардын жетекчилери (алардын ичинде Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов) бул маселе боюнча парламент токтомду биротоло кабыл алмайынча пикир айтуу эртелик кылат дешип жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG