Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Рамади менен Фаллужадагы уруштардан алты адам каза тапты


Рамади шаарында каза тапкан үч адамдын ичинде Рейтер агенттигинин ирактык оператору да бар. Ал америкалык аскерлер менен козголоңчулардын кагылышуусун тартып жаткан кезде ок жеген.
Ал эми Багдаддын губернаторунун орун басары Хатам Каримди белгисиз адамдар үйүнүн жанынан атып кетишти, анын эки сакчысы да жаракат алган. Фаллужа шаарында жергиликтү дарыгерлердин айтымында, америкалык учактардын өткөн түнкү соккусунан үч ирактыктын өмүрү кыйылды. Ирактын бүгүн иш сапары менен Кувейтте болгон утурумдук президенти Гази ал-Явер ирактык ырасмий өкүлдөргө каршы жасалган кол салууларга колдоо көргөзүп жатканы үчүн Ирандын айыптады.

XS
SM
MD
LG