Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Иракта шайлоочуларды каттоо башталды


Январдагы парламенттик добуш берүүгө каттоо мурда азык-түлүк ченеп таркатылган жерлерде, бардыгы болуп 550 чакты каттоо бекетинде өтүп жатат.

Шайлоочулар Ирактын улуттук жыйынын, Ирактын жарым автономиялуу Курдистанынын парламентин жана 18 жергиликтүү кеңештерди шайлашат.

Ирактык көзкарандысыз шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Фарид Аярдын кабарлашынча, Иракта издөө салынган иордандык исламчы Абу Мусаб ал-Заркавиге байланышы бар деп шектелген топ шайлоо уюштуруучуларына ишин токтотпосо өмүрүнөн айрылаарын эскерткен кат жиберишти.

Иракта көпчүлүктү түзгөн шийи мусулмандарынын руханий жол башчысы Улуу Аятолла Али ал-Систани өз жолдоочуларына шайлоого катышуу бул диний парз экенин эскертип, бирок өзүнүн саясий мүдөөсү жоктугун маалымдады.

XS
SM
MD
LG