Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Тел-Авивдеги жардыруудан төрт киши ажал тапты


Палестин өспүрүм ачык азык-түлүк базарында өзүн жардырып жибергенде аны менен кошо жанында турган үчөө мүрт кетип, ондогон киши жараат алды.

Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун пикиринде, бул чабуул Ясер Арафат чет өлкөгө дарыланганы кеткенден бери Палестин жетекчилигинде өзгөрүү болбогонун көрсөтөт:

- Бомба жардыруусу Палестин бийлигинде өзгөрүү жок экендигин далилдейт. Алар террорду жоюп, террордук уюмдарды жок кылып, реформа жүргүзүп, жек көрүүчүлүктү козутууну токтотушмайынча Израил өз саясатын уланта берет.

Парижде Палестин өкүлдөрү Арафаттын саламаттыгынан чочулабай калганын билдиришүүдө. Палестиндердин жол башчысы Париждеги аскердик госпиталда текшерүүдөн өтүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG