Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Украин парламенти президенттик шайлоодогу эреже бузууларды талкуулайт


Биринчи айлампанын алдын-ала жыйынтыгы башкы атаандаштар премьер-министр Виктор Янукович менен оппозиция лидери Виктор Ющенконун ар бири добуштардын болжол менен 40 пайызын алышканын көрсөтүүдө.

Батыштык байкоочулар Украин бийликтери шайлоодо премьер-министрге ашкере колдоо көрсөткөнүн сынга алышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобунун жетекчиси Брюс Жорж кечээ Киевде буларды айтты:

- Биз байкагандан мамлекеттик маалымат каражаттары учурдагы өкмөт башчысына огеле жан тартып, мамлекеттик администрация ага артыкчылык берүү менен, шайлоого кийлигишти.

ЕККУ менен катар Америка Кошмо Штаттары шайлоонун эларалык чен-өлчөм менен өткөрүлбөгөнүн белгиледи.

Янукович ЕККУдан кыйыр кечирим сурап, кетирилген каталарды тез арада жоюу тууралуу жардыкка кол койгонун билдирди. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-ноябрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG