Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

АКШда ШАЙЛОО ӨТҮП АТАТ: ТАЛАПКЕРЛЕР ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР КАНДАЙ?


Бүгүн америкалыктар өлкөнү келерки төрт жыл жетектөөчү президентти шайлашат. Сурамжылоолор республикачыл президент Жорж Буш менен демократ-талапкер, сенатор Жон Керринин президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгү тең экенин көрсөтүүдө. Көпчүлүк талдоочулар добуш берүүгө мурда болуп көрбөгөндөй адам чыгаарын айтышып, шайлоочулардын саны жеңүүчүнү аныктоодо чоң мааниге ээ болот деп боолгошот.

Шайлоо участкалары ачылгандан бир нече саат алдында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүндө сурамжылоо өткөргөн эле. 66 жаштагы Елен Миранда демократтардын таянычы саналган Нью-Йорктун Гарлем кичирайонунда 45 жылдан бери жашайт. Елен айымды АКШнын экономикалык абалы жана Ирак согушу өзгөчө тынчсыздандырат:

-Биринчиден, экономиканын абалы өтө жаман. Экинчиден, Ирактын бизге эмне кереги бар? Эгерде сиз тегерегиңизди карасаңыз ишканалар өз мекени үчүн бир нерсе жасагандын ордуна, жумуш орундарын сыртка которуп жатканын көрөсүз. Ошон үчүн Буштун кеткени өтө маанилүү. Билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш, коопсуздук тармактары да аксоодо. Турак-жайда да проблема көп экенин билесиз. Андай болуш керек эмес. Ээн турган канчалаган үйлөр кондоминимумга айландырылууда. Үй-жайсыз адамдар үчүн бир нерсе жасашпайбы.

Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү, 27 жаштагы Рой Бучанан 2-ноябрда биринчи жолу добуш берет. Ал кабарчынын “Өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болушун каалайсың?” деген суроосуна:

-Өкмөткө тыш өлкөлөр менен көбүрөөк кызматташуу зарыл. Мен өкмөттүн агрессивдүү болгонду азайтып, көбүрөөк интеллигентүү болуусун, ар бир кадамын ойлонуп жасоосун каалар элем. Мен Жорж Буштун же жалпылап айтканда, анын администрациясы айткан жүйөлөргө ишенбейм. Айрыкча Иракка басып кирүү туура болду деп ойлобойм. Менин оюмча, Иракка согуш ачпай эле биздин максаттарыбызга башка мыкты жолдор менен жетсе болмок.

Шанон Моране 18 жашта. Студент кыздын сөзүнчө, ал Американын маалымат каражаттарына ишенбейт жана шайлоо жөнүндөгү маалыматты Интернет аркылуу чет элдик булактардан таап окуйт:

- Мурда демократ президент менен бактылуу жашадым. Керри менин оюмча жакшы жашоого жетүүнүн туура жолун билет сыяктуу. Мен мурда добуш берген адамдар менен чогуу шайлоого барам. Алар мага жардамдашат. Добуш берүү өтө маанилүү деген ойдомун.

Атактуу Уолл Стритте жайгашкан Нью-Йорк баалуу кагаздар биржасы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин аны көргүсү келген адамдар үчүн жабык. Дүйнөнүн ири финансылык мекемелери жайгашкан көчөнү мыкты куралданып, ит коштогон полицайлар күзөтөт. 47 жаштагы Елейн Кордью айым Уолл Стритте жайгашкан финансылык компаниялардын биринде адвокат болуп иштейт:

- Президент бизге өзү кабыл алган чечимдер тууралуу чындыкты айтып бериши керек. Ал ага кызмат кылчу, анын сөзүн колдогон, аны менен макул болгон, ага чындыкты айткан адамдарга муктаж. Ошондо гана саясат калпка таянбай чындыкка негизделет.

Канаданын чек арасына жакын жерде жашаган Жэк Маклвер деген шайлоочу:

-Мен президент Буш үчүн добуш бердим. Себеби анын согуш жана экономикалык саясатына ишенем. Өлкө башчысын алмаштырчу мезгил эмес азыр. Биз кээ бир жактарда күрөшүп жатканыбызды билем. Бирок Буштун саясаты мырза Керринин саясатына караганда мыкты экенине ишенем.

Нью-Йорктун тургуну Даниэлла Леблинг айым көз карандысыз талапкер, Прогрессивдүү партиянын мүчөсү, таанымал адвокат Ральф Надер үчүн добуш берээрин айтат:

-Мен Надерди колдойм. Мен эч качан демократтар үчүн добуш берген эмесмин. Алардан көөнүм калган. Надер үчүн берилген добуштар Керриге кошулат деген имиш кептерге ишенбейм.

XS
SM
MD
LG