Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

АСКАР АКАЕВДИН 60 ЖЫЛДЫГЫ, БАРМАК ИКАЯСЫ, АРАБ ШЕЙХТЕРГЕ ЖЕТПЕГЕН ИТЕЛГИЛЕР


Президент Аскар Акаевдин 60 жашка толгондугуна байланыштуу анын ишмердигине арналган макалалар кыргыз басылмаларында арбын жарыяланууда. Орусиянын Канттагы абамайданынан Сирияга жөнөтүлүп аткан жеринен кармалган ителгилер дагыле боштондукка коё берилди. Шайлоочулардын бармагына боёк сүртүү чоң талашты жаратууда.

Президент А.Акаевдин 10-ноябрда белгиленчү 60 жылдыгын утурлап шейшембидеги «Агым» гезити Мелис Эшимканов менен Осмонакун Ибраимовдун маегин жарыялады. Мамлекетттик катчынын ырасташынча, Аскар Акаев кыргыз каганатынан кийин мамлекеттүүлүк түндүгүн көтөрүп, Манастан калган учукту улаган жетекчи. Осмонакун Ибраимов ушу тапта Кыргызстанда Аскар Акаевге теңдеш саясий ишмер жок деген пикирде.

Аскар Акаевдин 60 жылдыгына арнап 2-ноябрдагы «Кыргыз туусу» гезити Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин «Эл журтубуздун кеменгер лидери» деген макаласын жарыялады. Президент А.Акаев «кыргыз коомун бир тарыхый жээктен экинчи тарыхый жээкке алып өттү» деп жазат Алтай Бөрүбаев.

«Кыргыз туусу» гезити «Элчи эриксе койчунун таягына сүйкөнөбү?» деген темада биртоп маданий ишмерлердин пикирлер топтомун жарыялаган. Шайлоочулардын бармагына боёк сүртүү шартынын Шайлоо кодексине киргизилишине Кыргыз эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Эсенгул Ибраев, профессор Токтосун Акматов, журналист Самсак Станалиев каршы болушкан. Аталган авторлордун пикирине караганда, шайлоодо бармагын басабы, чыпалагын басабы – аны шайлоочулар өздөрү чечиши керек.

Президент А.Акаевдин 60 жылдыгы анын жеке өзүнүн кубанычы эмес, жаамы өлкө калкынын майрамы экенин шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити да жазды. Социализм тушунда «белгисиз республика» аталчу Кыргызстан ушу тапта дүйнөгө постсоветтик мейкиндикте саясий реформаларды ийгиликтүү жүргүзүп жаткан өлкө катары таанылды, деп белгилейт өкмөттүк басылма.

Улуттук каада-салт, нарк-насилдин улуулугун даңаза кылган иш-чара жакында «Дасмия» туристтик фирмасында болуп өткөнүн шейшембидеги «Аалам» гезити кабарлады. Улуттук кызыкчылыкты туу туткан көргөзмөгө бийлик өкүлдөрүнөн да чакырганбыз. «Тилекке каршы, өздөрү качып келбей коюшту. Саясат жыттанган бир да сөз сүйлөнгөн жок», деп жазат гезит редактору Чолпонбек Абыке уулу.

Шайлоону утурлап кыймылдар түзүлүүдө, деп жазат Чабарман Туратов деген автор. «Азыр кыргыз саясатчылары Ак үй менен Көк үйдүн ортосунда ойпоң-тойпоң болушканы менен элге жетишкен жок. Эл кыймылсыз. Ал эми элди кыймылдатыш башка иш» , дейт адабий ысымдуу автор.

Шайлоочулардын колуна боёк сүртүү биздин коомдо демократиялык принциптерди ырастоодо чечүүчү кадам болору Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын жолугушуусунда белгиленгенин шейшембидеги «Эркинтоо» гезити маалымдады.

Сирияга жашыруун жөнөтүлүп жаткан жеринен кармалган 127 ителгини тезинен капастан чыгарып учуруп жибербесе алардын көбү өлүп калаарын, ансыз да куштар өлө баштагынын «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны жыл сайын «Жибек жолу» акционердик коому кайтарбай келаткан ири кредит маселесин талкууга алышары, Бишкек шаар кеңеши шайлоодон кийинки биринчи отурумун өткөрүп төрага шайлашканы да ушул эле басылмада чагылдырылган.

Ителгиден тутанган чатак бийликтин жогорку тепкичинде отургандарга да жетип калышы ыктымал экендигин «МСН» гезитинде Юрий Груздов жазды. Автордун ырасташынча бийликтин жогору жагында отурган таасирдүү адамдар болбогондо 127 ителгини Канттагы Орусиянын абамайданына ээн-жайкын алып кирип, Сирияга жөнөтүүгө эч ким батынмак эмес.

Президент А.Акаевдин айткан тапшырмасы орундалбасын, бийлик башында отургандар сөз дайрасында гана калкып келатканын Вячеслав Тимирбаев «Бул кимге керек?» деген макаласында талдоого алган.
XS
SM
MD
LG