Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

АКЫЙКАТ БАШКАРУУ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШ ЖОЮЛДУ


Президент Аскар Акаев акыйкат башкарууну мындан ары өркүндөтүүнүн механизмдери жөнүндөгү жардыкка 25-октябрда кол койгон. Ага ылайык Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш жоюлду. Коррупцияны ооздуктоонун механизмдерин иштеп чыгуу милдети жүтөлгөн бул уюмду бир жылдан бери премьер-министр Николай Танаев жетектеп келаткан.

Президент Аскар Акаев Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешти жоюу маселесин жардык чыгаардан бир күн мурда өткөн Коопсуздук кеңешинде көтөргөн. Мамлекет башчысы муну Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш менен Акыйкат башкаруу боюнча Консультативдик кеңеш аткарган иши жагынан бири-бирин кайталап жатат деп негиздеген.

Жардыкты аткарууну көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана саясат бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун айтымында, Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдетти толук аткарды:

- Өзүнүн биринчи этаптагы милдетин өтөп бүттү.

Курамына коомдук жана мамлекеттик 25 ишмер кирген Улуттук кеңеш президенттин жардыгы менен былтыр 25-июлда түзүлүп, анын төрагалыгына премьер-министр Николай Танаев дайындалган болчу. Кеңештин башкы максаты катары кезинде коррупцияны четтетүү жана аны алдын алуу аракеттери белгиленген.

Бирок муну коомчулуктун оппозициялык маанайдагы өкүлдөрү эларалык уюмдарга жагынуу максатында түзүлгөн уюм катары санашып, коррупцияны жоюуга чамасыз экенин белгилешкен. Мындай пикир ушул күнгө чейин эле маал-маалы менен айтылып, аны коррупцияга тиешеси бар деп шектелген мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин аттары ачыкталбай келаткандыгы менен байланыштырып жүрүшөт.
Улуттук кеңештин курамына бейөкмөт уюмдардын атынан кирген «Укуктук маселелер» фондунун төрайымы Нина Векуа тескерисинче бул кеңешти президенттин майнап чыга турган мыкты идеяларынын бири катары санайт:

- Мен ыза болуп атам, кеңешти түзүү президенттин идеясы болчу. Жакшы идеяны өнүктүрүшкөн жок, колдошкон жок, бул президентти колдобогон эле кеп болду. Менин оюм ушундай.

Векуанын пикирине караганда кеңештин жоюлушуна эларалык уюмдар таасир этишти. Болот Жанузаков болсо бул ойго кошулбайт, Кыргызстан жеке өзү чече турган ички маселе дейт:

- Көз карандысыз эксперттер ар кандай сунуштарды бериши мүмкүн. Ошол сунуштардын кайсынысы биздин ишибизге ылайыктуу келет жана биздин ишибиздин алга жылышына үлүшүн кошот? Муну биз чечебиз.

Жанузаков кеңешти жоюунун башкы максаты - коррупцияга каршы күрөшүү, акыйкат башкаруу багытындагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатын көздөөрүн белгилейт.

Консультативдик кеңештин катчылыгынын башчысы Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, бул багытта азыр президенттин жардыгынын негизинде жаңы жобо иштелип жатат.

Белгилеп койчу жагы, жыл башында түзүлгөн Акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңеште 11 мүчө бар. Алардын катарында 5 донор уюмдун өкүлдөрү бар. Ал эми Кыргызстан тараптан премьер-министр Николай Танаев, президенттик адмиинстрация башчысы Тойчубек Касымов, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ишкерлер Табылды Эгембердиев, Төлөндү Тойчубаев бар. Эларалык уюмдардын сунушуна ылайык түзүлгөн бул Консультативдик кеңешти президент Аскар Акаев жетектейт.

Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо акыйкат башкаруу максатын көздөгөн бул өндүү бийик деңгээлдеги кеңеш берүүчү органдардын түзүлүшүнө ар кыл баа берип келатышат. Акыркы өзгөрүүгө байланыштуу билдирген пикиринде маселен,
"Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын" төрайымы Токтайым Умөталиева жайнаган кеңештерден пайда жок дейт:

- Толгон-токой кеңештерден пайда жок. Мына бизде 10-15 кеңеш бар. Эмне кылып атканы эч кимге белгисиз. Теорияда эмес, иш жүзүндө кайсы кеңеш эл менен иштесе, ошол кеңеш керектүү. Мен ошол эле Акыйкат башкаруу кеңешинин бир-эки семинарына катыштым. Элге керектүү эч нерсе уккан жокмун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG